Жайытты бир күндө түгөтпөйлү
Жайытты бир күндө түгөтпөйлү. Бабалардын келе жаткан жа-шоо-тиричилигинин чордонун мал-чарбачылыгы түзүп келген. Малды жаздатуу, малды жайлатуу, (жайлоого чыгаруу), семиртүү, күздөтүү-этине эт, майына май кошуу аркылуу жайытты сарамжал-дуу пайдалануу үчүн улам жайыт которууну мыкты билишкен. Ан-сыз жер такыраят, жайыттын кунары учат. Мына ушундай жагдай-лардан улам "Коё тур, жайытыңарды бир күндө түгөтпөгүлө, жайлуу жерге кайра-кайра бара бербейли, үнөмдүүжасайлы", -дешет. Өтмө мааниде адамдардагы сыйлашуунутуюндурууда. Муну айрым жер-лерде "Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт" (макал) - деп да коёт. Уй жапмаланып, машкөлүү жаныбар, тоютту кеп жейт. Жогорудагы накылга да дал келет.
- Кол чабуу
- Сахнага (эл алдына) чыгуу
- Кыргыз элинин каада-салттары. Түндүк көтөрүү
- Жүгүнтпей эле кой
- Жер тамырынан эл тамыры көп
Ой-пикирлер