Кирүү

Загына кетүүсү

Загына кетүүсү. Адамзат ар кандай сапатта жана шартта жарык дүйнөгө келет. Өз учурун отойт. Жакшылардын же жамандардын катарында жүрот. Андайлардын учурунда журт көзүнө көрүнүүчүлөр, бектер, болуш-бийлер, кандар, падышалар чыгышы ыктымал. Бий-

лик кылуучулар калың элдин калыс таразасынан так өтүп турат. Жеринен ата теги түптүүлөрдү "аккан арыктан суу агат" дейт. Эл башкарып, журт сурап, "эл жакшылары, журт мыктылары" деген атка конот. Өзүнүн аймагынан сыймыктанаар аттуу-баштуулардын бай-лыгы эли-журту эсептелет. Алар ата уулу катары баага татыйт. Ошон­дой эле башкаларга да кадыр-барктуу корунот. Себеп дегенде, дээ-ринде бар, табигый идиреги мол. Бир эл менен экинчи элге данакер. Тегиз ойлойт. "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок". Калыстар журт башында турса - эл бактысы! Анын аброю ошончо бийик - дейт. Андай адамдар уюткулуу Кыргыз Ата конушунда коп чыккан. Алардан өзүмчүлдөр, оз кемечуне кул тартуучулар аз эмес. Анда: "Таштанбектин тушунда, таштай каттык ушунда", - деп эл-журту ата-конушу жабыркайт, азат, бозот. Кокустан бийликке келүүчүлөрдүн кудурети загына кетет. Загы - ата-теги. Негизи жары-баган элдин-жердин тукуму. Алар байлыкты жогору чыгарат да, көпчүлүктөн кол үзөт. Өзүнүн кимдигин журт алдында керсетуп коет. Демек, задисинде бар экенин эл козу коруп турат.

Ой-пикирлер