Кирүү

Эки бакыр, бир тукур

"Эки бакыр, бир тукур". Тиричилик - сөздүн толук маанисин­де, бул - турмушта кордукту көрүүчүлөр, жармач жашоочулар, ке-дей-кембагалдар биригип, оз оокаттарын кылып кетүүлөрүнө карата айтылуучу накыл. Бул жарык жана жалган жашоодо, абалтан адам-дар бирдей жаралбайт. Тегине, байлыгына карата ж.б. лар боюнча бөлүнүүлөр болуп келген, болот, болуп кете берет. Мунун түпкү төркүнү биргелешип, бирдемелерге аракет кылууларынан пайда бол­гон го! Бакыр -кедей, кембагал, букара. Бакырчылык-биргелешип иштөөчүлүк. Ушундан улам үйлөнүп-жайланып, тиричилик кылып кетүүчүлүк. Тукур-чобур деген түшүнүк. Ал көбүнчө жылкыга байла-нышат. ""Эки бакыр, бир тукур" болуп жашап кетели" - деген соз бар. Азыр запкы тарткандарга, эрди-аял болуп жашагандарга карата ушул макал айтылат.

Ой-пикирлер