Узчулукка умтулуу
Секелек чактан тартып кыз бала улуулар-дын кылган аракеттерин туурайт. Эжелери сайма саюуга дымактан-са, ал куурчак жасайт. Куурчак - ургачылар үчүн узчулуктун баша-ты. Сайма саюуда энелеринин, эжелеринин, жеңелеринин иш кар-моо салтынын таасири чоң. Кыз балдардын тестиер чактан тартып, жүк маанектеесү - акыл-ойдун ойгонушу, тигил-бул жактарга басып кетпеесү, чоң турмушка аттануусу.
Кыз-келиндердин негизги саймасы илме сайма, ийне сайма болгон. Илме сайма, шибеге сайма шибегенин учу илмек келип, жер-дикти кергичке керип, керкем кечеттөрдүн үлгүлерү менен улуулар-дын нускоолору аркылуу үй ичинин жасалгаларын жүзеге ашыруу. Аларга: туш кийиз, туштук, текче, күзгү кап ендүүлер кирип, бул енер Түндүк Кыргызстанга жапырт тараган. Шибеге сайма - енердүн ну-курасы, буюмдун даана жүзүн ачат.
Ийне сайма (Илме дос) аркылуу жаздык (балыш), баштык (жап-сар баштык), аяк кап (ал күзгү кап, баштык-текче). Түштүк багыттагы ичкиликтерге кенен тарап, илме дос саймасы курак менен айкалы-шат, жасалганын ажарын ачат. Тестиер чактардан саймачылыкка ум-тулуп, кыз балдар езүнүн себин езү камдоого баш коюусу - илгери узчулуктун салттулугун-нарктуулугун аныктаган. Мына ушундан уз-дан уз чыккан. Керкем үлгүлордү кармоо маданиятында бири-бирине куштарлануусу, ошондон таалим-тарбия алуусу кепчүлүктүн кез кы-рында турган. Сайма саюуда деле, муну менен катар чий чырмак кар-моодо, тор чачык чалууда кол жаш кезинен тетиктелет.
Илгери кандай болсо да, кыз балдардын баары эле анчалык чоң уздардын (оймочу, саймачы, чырмакчы, өрмөкчү, килемчи, түймөчү, бычмачы-тикмечи, эшмечи аталбаса да, барган жерин-де уй кармайт, ийне саптайт, учук тартат. Албетте, жөнөкөйлөрдү ар бири аткарат. Кызынын чоркок атка конушу, төркүндөрүн жер каратат. Мүмкүн, катар турмушка аткарууда эл-жеринин жүзү жа-рык болуу үчүн колдо болгон шарттардын баарын кылууга ата-энелер кайыл болот.
Кыздарда да узчулук кармоодо жаш өзгөчөлүктөрдү аныктайт. Мунун оор-жеңили болот. Жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн өйдөсүнө карайы бар. Ар нерсе абалы колду машыктыруудан, табигый табит-тен, ич ара ышкыдан, улуулардын жөрөлгөлөрүн урматтоодон аста-секин шык пайда болуп, анан ал калыптана берет.
Узчулукка умтулууда аны бара-бара өздөштүрүп, дасыгып, бир нукка түшүп, ушул даанышман өнөрге калыптанып, түбөлүктүү кесип тутуп, алыс-жакынга таанылуу бардыкка бирдей ыроолонгон эмес. Суу баштарынан, айыл ичинен бирден чыгаан чебердин чыгышы, ал -журтчулуктун бактысы. Буга мисалдар арбын кездешет. Кыргыз жер-гесине бирдей таралаган "Шакен оюму" деген көрком оюм, керкем көчөт бар (Шакен Мамбетаипова (1936-1995) Тоң району, Туура-Там айылында төрөлгөн, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү). Ал тестиер ча-гынан тартып апасы Бытыкандын үндөктөөсү менен жук бурчун маа-нектейт. Айыл ичи бул кызга кийиз көтөрүп келип, шырдак ойдурат. Туш кийиз көчөттөрүн түшүртөт, улам өзүнүн узчулук даражасы ар-тылат, "Оймочу кыз" аталат. Андан "Шакен оюм" пайда болот. Ушул өнөрдү аркалоо менен өзүнчө узчулуктун мектеби уюшулат. Анын Жибек, Шайгүл, Жыргал аттуу кыздары уз, сүрөтчү аталат. Уулу Жыр-галбек акын, Шакендин ата-бабалары тукум-куучулукта зергерчилик-ти нускалаган. Ал салт укум-тукумдарына уланып келүүдө. Кыргыз кыз-келиндери боз үй көтөрүүдө, кийим-кечек кийүүдө, ат үстүн жа-салгалоодо өзүнүн узчулугун бөтөнчө көргөзгөн. Керкем кол өнөрчүлүктүн бүтүндөй түрүн кармоого аракеттенишкен. Секелек кыздын куурчак ойноодон баштап, сайма саюусу, чий чырмоосу, жип-шуу эшүүсү, бирдемени бычып-тигүүсү, тор чачык, топ чачык чала билүүсү, бара-бара килем токууга, андан соң эңтатаал өнөрүбүз өрмөк согууга, "кара терме", "кажары терме", "беш кеште" терүүгө отур-гузган. Алар оз себин өзү бүтүндөй бүткөрүүге башын байлашкан. Мындан: "Келген жери да уз, барган жери да уз, ез энесинен кайын энеси енөрүн өткөрүп алган" - деген накыл калат.