Кирүү

Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак

Кабанак иттердин куй-ругу чагарактап, жондору дүктүйө чыгып, короого, уйго адам жо-лотпойт. Кыргыздар алыска аттанаарда алдына ат шай-лаган, үстүнө тон камдаган. Тар капчыгай, таштак жолду ат аркы­луу откон. Мынданат барбаган, адам корбогон жер жоктой. Мын­дан адам да барбайм деген элин, жерин уч, андан да кеп басат оңдүү корутунду чыгат.

"Мал ээси менен, баш мээси менен". Уюткулуу калкыбызда мал-башка ошол уйдун ээси эгедер. Союуну-коюуну, бир жакка берүүгө үйдүн ээсисиз калган үй-бүлөсү бийлик жүргүзо албаган. Мурунтан чукталып койгон нерсеге гана үйдүн зайыбы кийлигише алган. "Атаң айткан", "Атаң айтып кеткен, өзүңөр билгиле" -деген. "Макул болгон" өңцүү ыраазылыктар аркылуу беркилер бийлей алыш-кан. Албетте, бул үй-бүлөдө ич ара сыйлашуу. Үй ээсинн пир тутуу-су, чыгыш мусулман элдеринин ыйманы, адеби, ырыс-кешиги... "Баш мээси менен", мейманга жандык сойсо, баш тартат. Баш сыйда мүлжүлөөрү менен баш мээси алынып, сорпого эзип, туураган этке (нарынга) кошулат. Ал тамактын даамын чыгарат.

"Балык башынан чирийт". Мында создун чоо-жайы адам­дарга чаап турат. Б.а. мансаптуулар, улуктар өзүлөрү заң-мый-замды бузуп, башкаларга таба болуп жатышы, эл алдында уят-сыйыттан кетиши тууралуу билинип отурат. "Алар минтсе, калың эл кантмек эле" - деген бутум чыгарышат. Ал эми балык башы-

нан бузулабы же башка жеринен жыттанабы? - Аны илимий жак-тан изилдеп аныктаган жок.

Ой-пикирлер