Кирүү

Таш бараңга алуу

Таш бараңга алуу.

Бул - элдик эң жогорку жаза. Таш бараңга алуу журт бузаарларга, тынчтык бербоочулорго, жедеп жан этти жёп бүтүрүүчүлоргө карата колдонулган айыл аксакалдарынын, копчулуктун, айыл үстүнүн ага кылган кыжырлануусу аркылуу ат-карган аракет-кыймылы. Таш бараңга алуу - чыдоого эч мүмкүнчүлүк калбагандагы жасаган акыркы аргасы. Ошол жексур-ду түшүрүп алышып,.аны жалама зоого камап же карагай, бакка байлап, туш-тараптан таш менен койгулоо, өлтүрүүгө дейре ба-руу. Ал - өлүм жазасы. 1995-жылы Кара-Буура районундагы ок-чун турган бир айылынан каракчылар тобу пайда болот.

Алар коз көрүнөө элдин малын алып баса беришет. Айрым адамдарды кый-нашат. Туну бою айылды коркутуу-үркүтүү жолуна түшүшөт. Эч бир жан жалгыз-жарымдап баса алышпай калышат. Жекече зор-дуктоолор болот. "Бизге буларды даярдап коюшсун, биз баланча убакта барып алабыз" өңдүү жолдорду колдонушат. Каракчылар-дын ата башы ошол айылдан чыгып, кылбаганды кылат. Акыры бир карыптын жалгыз бээсин чак түштө, коз көрүнөө жетелеп ба-ратканда, жоон топ жигиттер колго түшүрүшөт. Айылдан ркчун те-рекке байлап, туш тараптан таш бараңга алышат. Ал тууралуу жер-гиликтүү, республикалыкгазеталаржарыялап чыгышат. Ошондон кийин айыл аксакалдарынын, жергиликтүү бийликтегилердин бүтүмү менен жаштардан "40 чоро" кошуну уюшулуп, андай жек-сурлардын аягы тыйылат.

Ой-пикирлер