Кирүү

Эне тилим - эне сүтүм

Эне тилим - эне сүтүм.
"Уй мөөрөйт, уйдун тилинде,
Кой маарайт, койдун тилинде.
Уй, койдон темен болдукко,
Өз эне тилин билүүдө". (Байдылда)
Эне тилим-оз омүрүм, бул-жалпы Кыргыз Атанын жардыгы. Мына, муну озүбүздүн эле ичтен чыккан "ийри жыландарыбыз" жерип, аларга оон учурап отурбайбы. Бир кездерде "Кыргыз тили менен Ала-Тоону аша албайбыз", орус тилин билүүбүз керек. Улуу элдин маданияты аркылуу биз дүйнонү аралайбыз, конгресстерге чыгып, ушул тилде сүйлойбүз ж.б. акыл айтуулардын айынан эне тилибиз бүктолмодо келген. Анда акын Байдылда:
"Орус тили - улуу тип, Биздин жылдызламанда.
Бирок кыргыз кыргызча, Сүйлөбөсө жаман да. Эне тилин билбеген, Эси жокту аныктайт Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп, жарытпайт",
-деген мезелин айткан. Кыз-келиндерибиз орус тилинде сүйлөөнү сүйүшөт. Мында:
Биринчиден, бала тили чыгаары менен "Мама" деп, "Папа" деп айтат. Буга ата-энеси жетине албайт, курсант болот.
Экинчиден, жалаң орус тилинде жашоо-тиричилиги жүрөт. Үй ичиндеги жасалга, жайылган дасторкон, бүлөдөгү ич ара байланыш, сырткы турпатыбыз жалаң орусча болсо, кыргыз тилин билүүнү "уруп" койбойт. Ак сүтүн берип чоңойткон апасынын тилин өзүлөрү жерисе, балдары эмне болуптур?! Балдары орусча бала-бакчага барат... Мектепте да орусча...
Үчүнчүдөн, бүгүн элеттен келгендерге беркилер кыйынсынат эмеспи, жанагы жылаңач маданиятка умтулуп, терсжоруктун жолу-на түшкөндөргө жалаң орус тилинде сүйлөөсү тийиш. Тигилер үйрөтөт. Үйрөнүүгө куштар, ансыз алардын катарынан орун жок. "Устадан шакирти отот" болот.
Төртүнчүдөн, "Араң турган карышкырды кыйкырып жиберип, күчөтүп, орус тилин кабыл алуу укугу жеңил ойлуу, ата мекенине сүйүү сезими жокторго мындай. шарт жага бербейт. Эне тили - эси жоктор үчүн кор тили, айыл тили. Эстүү кыздар жарашыктуу кийини-шет, эне тилин беш колдой билишет. Орус тилин андан кем эмес үйрөнүшөт, анан англис тилин билип жатышат. Дүйнөлүк цивилиза-цияга мына ушундай абалда барышат.

Ой-пикирлер