Кирүү

Түгүтескери айланып

Түгүтескери айланып. Бул-тескери көрүнүштөрдөн. Абалы, минилген атка карата айтылышы. Айрымдар мингичин табында, минбей, таң ашырбай коюусу. Демек, ат бара-бара арыктоосу, жүнү түктүйүп, тескери көрүнүп калуусу. Өтмө мааниде, азыр арак-ша-рапты ар дайым ичип, бака көздөнүп тостоюп, чачы саксайып, өңү шишип, сакал-муруттарын албоосу, ашаткы жыттанып калуулары.
Мунун "жүнү жапырылып" деген түшүнүгү бардыгы. Ат семиз минилип, жүнү жылтылдап көрүнүшү. Өтмө мааниде адамдарга ка­рата да айтылуусу. Анын бети тасырайып, жүзүнө чыгуусу, чачтары таралып, адамга тотугуп туруусу.

Ой-пикирлер