Кирүү

Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба

Ачарчылык, жокчулук жылдары адамзат азат. Андайда согуш болот. Калкты котур каптайт, кургакчылык келет. Жети тозок бир болот. Бит басат. От жакканда, койнокту отко кайсап алса "бы-тыр-бытыр" ун чыгат. Макал ошондой шарттан алынган. Демек, "бир болбогон ишке таарынып, көңүлдү кайт кылып, өзүңцүн ар-намысың-ды кетирбе. Эси жок акмактарга, акылы тайкыларга бел алдырба, өзүң уят болуп, аны менен өчөшүп, улуу-кичүүлөрдүн алдында сы-нып калба" деген сымал ойду туюндурат.

Ой-пикирлер