Кирүү

Этегинен жаңылуу

Этегинен жаңылуу. Бул ак никени аттап чыгыштык кылуу. Бироолор менен жүрүп кетүү. "Ойношу оттон ысык" болуу, күйөөсүнүн көзүн тазалоо. Аягы суюк, ойсоке аял. Аялдардын этеги-не байланыштуу коп түшүнүктөр бар. Өтмө мааниде айтыла турган мүнөздөмөлөргө эгерде "кең этек аял" бул - пейили таза, коңурдук-ту билдирет. Чалма этек аялы - ыплас, жуунбаган, таранбаган. жүдөөлүк. Этегинен жаңылуучу аялдар - жалп этектер. Этегинен жалгоочу аял - төрөп-түшүп, ак этек аталгандар. Аны башкалар ме­нен ойноп-күлүп жүрөт. Күйөөсүн чанып жатат, көзүнө чөп салууда, көзүн тазалап жүрөт менен алмаштырбайбыз. Арийне, андай жексур ургаачылардын жосуну жолдо калсын, дегеле кылыгы оз башы ме­нен кошо кетсин деген каргышка калаары бышык дечи.

Көзүнө чоп салуу - никелеш эрин этибарга албоо, бироолорду жандоо. Ал аркылуу жаштык, ыракатка батуу. Эрди-аял - эгиз гул, бир көгөрүп, бир онот. Эч качан бирин-бири жазгырбоолору, ич ара урматтоосу зарыл.

Ой-пикирлер