Кирүү

Оодарыш

Оодарыш, Эңиш – ат оюндарынын бир түрү. Эки жаат тараптан бирден киши атчан чыгышат да, бирин- бири аттан оодара тартып түшүрөт. Оодарышка күчтүү, эптүү, шамдагай жана чабандес киши түшкөн. Анын аты омоктуу, күчтүү, кабелтең болушу зарыл. Оюнга катышкан адам бышык өтүк, таар же булгаары шым кийип, белине кездеме кур байланат. Оодарышканда катуу күч келээри эске алына кош басмайыл, бышык куюшкан, бекем көмөлдүрүк тагылып, чоңураак жана катуураак бөктөрүнчөк ээрдин артына байланат. Оодарышчылар белден жогору кийим кийбейт. Алар курдан, колдон, буттан алууга, кучактай кармоого, тизесин же бутун атаандашынын атына такап балбанды өзү жакка тартууга же ары түртүп жыгууга, сүйрөп кетүүгө укуктуу. Бири-бирин же атын чабууга, тебүүгө, муштоого, ат жабдыктарын кармоого, манжаларды кайрууга, үзөңгү боолукка салууга, тизгинди же чылбырды атаандашынын колуна, бутуна орой коюуга укугу жок. Булардын кармашын атчан бокобул (калыс) тейлейт.

Ой-пикирлер