Кирүү

"Ат уяты - сатуу, кыз уяты - тартуу"

Тартуу - бирдемелерди бироолорго сый катары беруу. Мыкты жылкылар, аксакал аттар, жорголор, күлүктөр сатууга чыгарылбаган. Сыймык катары минилген. Салынып, чабылып, озунчо баркка татыган. Кыз, күлүк, ат, жорго, ырчы, чечен, санжырачы көпчүлүктүн кырында турган. Албетте, чоң-чоң дубандын нараазычылык, кузаматтык ж.б. ырбап кетуучу жайлары бешкөкүл кыз берүү аркылуу андай коогалуу иштер тынчтыкта бүтүүчү. Негизи бой тартып, бойго жетип, болукшуп турган ургаачыга "кыз тандоо" расими болуучу. Жуучу тушуучу, эки тарап сүйлөшчү, кеп-кеңеши бүтсө, болжошкон чакта, отуз кун ойнотуп, кырк кун кыңшылатып, жол-жобосу менен шаң-шапатта колдон аткарууга не жетсин. Кызды тартуулоо - барымталоо, эрксизден аткаруу, эркинен бузуу, сүйгөнүнөн бөлүү ондуу жагдайын да тузуп атпайбы!?

Ой-пикирлер