Кирүү

Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт

"Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт". Жылкыны тай кезинен үйрөтүп минет. Колу түшпөсүн деп анда аяп минет. Балдардын мингичи болуп саналат. Жаш немени алыска минүүгө жарабайт. Бирок бара-бара жер таанытууга, жанча минүүгө үйрөтөт. Ансыз мал да майболпоч болуп калат. Тоо-ташты, адыр-белестерди, ашуу-дабандарды арткан жана ашкан мал созсуз бышык келет. Ал эми эр-азамат болсо, эл ичинде жамандыкты-жакшылыкты корот. Эл-журттан сырткары да журот, кагылат-согулат. Анан эсине, акылына келет. Көргөнүн-билгенин көңүлүнө түйөт. Жамандык-жакшылыкка аралашат. Башынан откорот. Турмушта сүрдүгөт, кайра оңолот. Жашоо-тиричиликти оз колу менен кармап корот. Бироолордон уйронот, бироолорго үйрөтөт. Анан кадимкидей адам болуп чыга келет. Макалдын мани-жайы мына ушундай.

Ой-пикирлер