"Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр"
"Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр". Жарды-жалчы ат күтсө, аңги болушу ыктымал. Албетте, үйүр көрсө, ток-тоно албайт, аттай болбойт. Кишенеп, тыбырчылайт, мамынын ка-жыйт. Үйүрдү да айдап, желедеги айгыр менен алыша да, маташа да кетет. Жалгыз мингичинин мындай болушу, ээсин убарага салат. Арийне, бул -чындыктын бир чети. Эми отмо мааниси журум-туруму ар дайым атасын эл ичинде сындырган, баш билгисиз бир үйдүн жалгыз баласына карата да айтылат. "Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка отшош" сымал терс макалга бул үндөшө тушот.
- Мазарга сыйынуу
- Элден-жерден безүү
- "Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук"
- "Өлө албай жатып өлөң айтат"
- Аттери кайтпады
Ой-пикирлер