Кирүү

Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун

Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун. Үшкүрүк менен ышкырык жакшы сапаттарга жатпайт. Айыл ичинде, кечеде ышкырып, сүлкүлдөп, улуу-кичүүнү көзгө илбей жүрүүсүэң эле адеп-сиздик. "Ышкырба, тишиңе таш тийгир" - дечулер бар. "Бири-би-рин эки колун же бир колун оозуна салып коюп катуу ышкыруулар андан беш бетер абийирсиздик, маданятсыздык. Дайыны жок үшкүрүү да, угуучуларга жакшы маанай тартуулабайт. "Эмне эле үшкүрүнөсүң?" - деп айтат. Өтө чарчаганда же катуу сез угуп, капа болгондо, өлүм-житимде, кокустуктарда ж.б. кейиштүү учурларда үшкүрүү бар. Бөйрөктү таянып, каза жутуп, кара кийип турганда, андайларга кайрат айтуу, анын кайра-кайра үшкүрүүсүн басанда-

туу зарыл. Ага анын моюн сунуусу тийиш. Кичинекей наристелер күтүүсүздөн үшкүрүп калса, ырым үчүн "Көйнөгүңцү уй жесин" - деп коет, кыскасы, үйүңцон үшкүрүк чыкпасын.

Ой-пикирлер