Кирүү

Тескери бата берүүсү

Тескери бата берүүсү.Бул - бироолерге бирдеме ыроолоодо тескери мааниси бар соз тилоосү, жалаң жакшылыкты каалоонун карама-каршысы. Каргыш айтууга маанилеш, адамдын чучугуна жет-кидей, сеектен кек буу кетерулгендей ой айтуусу. "Ал каргышка кал­ган", "ага тескери бата тийген", "ошол батадан кийин оң болбоду" -өңцүү болумуштар айтылып келүүде. Касиеттуу ыйык адамдардын тескери батасы да, каргышы да кайтпайт - деген уламыштар бар. "Курманбек" кенже эпосунда - Курманбёк баатыр жоого аттанууда Телтору атын атасы Тейитбектен сурайт. Келини Айганыш аталап жалынып сурап, алдына чоголесе да асман-айдан кетип бербеши, демек, Тейитбектин тескери кейипкердиги. Курманбек баатыр Койкүроң менен жоону кууп баратканда ат андан секире албай, бели мертинип елушу - окуянын ете аянычтуу учуру. Ошондо алаканын

тескери жайып: "Оо, эркектер, Курманбектей бала көргүчө, куу баш өткүлө! Оо, катындар, Курманбектей бала туугуча, туубас өткүлө?!" - деп бата кылуусу тескери бата берүүнүн укмуш үлгүсү.

Ой-пикирлер