Кирүү

Дос-тамыр, теңтуштун кебин кор кылуу

Дос-тамыр, теңтуштун кебин кор кылуу. Адамдардын мүнөздөрү, акыл-ойлору бири-бирине топ келмейин алардын дос-тугу, теңтуштугу узак жашай албайт. Бат эле "Дос айрылат, соок кайрылат" болот. Т.а. эки теңтушутун жүрүм-турумдары жөнөкөй, ич ара мамилелери, алыш-бериштери шартка жараша түшүнүктүү, айкын болгон чакта гана дос-тамыр, теңтуштардын бири-бирине кадыр-баркы артылат. Бул досунун, теңтушунун сөзүнө конок берүүсү, айткандарын жерге таштабоосу, барктоосу, баамдоосу, бу жыргалчылыкта бирдей калыпта жүрүүсү, эл алдында ушул сапаттан жанбоосу. Асылкечтикти акактай сактоосу, мунун теске-риси, алар байлыкка, мансапка умтулуусу, бөтөлкөлөш дос, тең-туштарга айлануусу. Демек, "Эсептешкен дос болбойт" - деген накылды бийик тутуусу.

Ой-пикирлер