Конок үйү
Конок үйү. (Меймзн үйү). Кыргыздар конок күтүүнү баарынан улук керүшкен. Бар тамагын балдарына да бербей, үкекке катып, аны кулпулап, "уяттуу адамдардын алдына эмне коебуз, конок айт-тырып келбейт" - дешкен. "Конок келатат, биздин үйге түшет". Мына ушундай балдарынан ойде сүйүнген элибиз заманында мейман үйүн атайын тиктирүүчү. Мурун отурушкан жерлерде жер үйүн салып да коюшкан. Конокту дароо ошого түшүрет. Ошондо коноктойт. Ошондо уктайт, ошол үйден атказат.
- Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
- Бээ десең төөгө кетет
- Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдо
- "Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт"
- Шилекей алышуу
Ой-пикирлер