Кирүү

Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт

"Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт". Туз мааниде түшүнгөндө ээрдин алдында бир гана кашы болот. Ал "бүркүт томого", "уй туяк", "куш баш" өндүү түрлөргө бөлүнөт. Ээрдин арткы чарасында андай сыпатталуучу каштар болбойт.

Туура, кыз-келиндердин (ургаачылардын) ээрлеринин алды-арты ыңырчак сымал чарасыз бирдей чабылат. Муну отмо мааниде түшүнүүбүздө, демек, "Дос таарынса, бергенин алат" болуп, жок нерсеге тогоп, досчулуктан биринен-бири таптакыр кечип жатышкан учурду туюнтуп турат.

Ой-пикирлер