Кирүү

Эркектердин ит кыялы

Эркектердин ит кыялы. Бул - жашоодогу терс адаттардан. Мунун ажаан аялдардан айырмасы ичинин тардыгы, ага ит кыялы-нын кошулушу. Аялын кызгануусу. Аялды жаш кезинен башкаруусу. Сөзсүз эркектин эки көзүнүн агы менен тең айлануусу. Андайлар­дын келинчеги өңцүү-түстүүрөөк болот. Бирөөлөрдү каратпоо, карап койсо, жаны чыгып кетүүсү. "Сен эмне эле аны коп карадың, көзүң түшүп калдыбы" ж.б. мына ушундай кызыл камчыга алуусу.

Экинчиден, мында ата-бабалардан калган тукумкуучулукболот. Ал канында дүрбүп турат.

Үчүнчүдөн, атайын аялды башкаруунун бир ыкмасы катары көрүүсү, "Камчысы кайраттуу болсо, катыны уяттуу болот" деген ма-калга апдануусу. Мындан аялынын тилин узартуусу, өчөгүшүүнүн арты чын эле бирөөлөргө бурулуп кетүүсү-акыры ажырашып тынуусу.

Ой-пикирлер