Жүгөн үзмө неме көрүнөт
Жүгөн үзмө неме көрүнөт. Бул аттан улам чыккан етме маани-деги соз туюму. Аттардын ар түрдүү кыял-жоругу болот. "Жылкы кеже" деген кеп да бар. Кежендеп жүгөндү каттырбаган, же кежең-деп жатып, жүгөнүн үзүп койгон, же башынан шыпырып алган аттар да болот. Ушундайлардан улам кыял-жоругу терс, беттен алма орой немелерди кыргыздар мыскылдап: "Ой, ал жүгөн үзмө неме, андай кежирленгендер менен мамиле түзбө", - деген өндүү сын-сыпаттоо-лор айтылат.
- Айрым ата-энелердин терс тарбия-таалими
- Кылыгы чыгуу
- Катын албай, кайын ал
- Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт
- Чөгөлөтүү
Ой-пикирлер