Жүгүнтпей эле кой
Жүгүнтпей эле кой. Жүгүнүү - бироелерго чеголеп берүү эмес, ургаачылардын улууларды ызаттоосу. Салам айтуунун эң бир илбериңки мамилеси. Муну атам замандан бери элибиз колдонуп келген, колукту кайын журтунун босогосун аттаары менен эшик-төрдү көрүүсү, ага таазим этүүсү. Өзбек, кавказ, тажик өңдүү эл-дерде эркектери да кары-жашына карабай колдорун боорлоруна алышып, жугунуп учурашуулары - албетте, сый-урмат көрсөтүүнүн бийик белгиси. Тилекке каршы, көргөн-өскөнү тайыздар: "Балам, эми жүгүнбөй эле койчу, кайдагы бир жорукту баштап. Эмики эл кимге эле жугунуп жүрчү эле" сыяктуу сездерду айткандар бар. Өзүнүн ырайын карасаң балтайып турат, калтардай кара чачын түбүнөн кырктырган, тармалдаткан, чучук шымчан, май куйругу
артка, эмчеги алга кеткен, топчудай киндиги көрүнүп, өзүн татына сезген, айрымдар ата салтын, эне адебине, ушинтип доо ке-тирүүчүлөр, элинин эзелки маданиятын тануучулар көбөйүүдө.
- Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт
- Эстоо адаты
- Күн тийген жердин чоросу
- Эл ичи - элек
- Өлүмтүгүн артып