Кирүү

"Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат"

"Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат". Бул макалга дагы үндош: "Баатыр болмок мандайдан, чечен болмок тандайдан", "Баатыр баатырды козүнөн тааныйт", "Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт", ж.б. макал жана учкул создөр биринин мазмунун бири толуктайт. Жоокерчилик заманда эр-азаматтар ез элинин бейкеттугун сактоодо, мисалы, жылкы тийүүдон, чет душмандардын айылды чаап кетүүсүнен, ички аймактыкуурулардан, таң каракчыларынан ж.б. күндесү-түндосү ат жалында, куш уйкуда, таш жазданып, чырм этпей турушкан. Жалтанбай, тике ителгидей жоону качырышкан. Эр намысы үчүн жүрөкторүн калкан кылып, эреолге чыккан. Душманын жерине жеткире кууган. Казак-калмактардын жүрегүно кокталкандай тиийшкен. Кечээки эле тарыхый баатырлар Эр Табылды, Курманбек баатыр, Тайлак баатыр, Жайнак баатыр ж.б. аттары айтылбай калгандар - буга ачык далил. Жоокерчилик заманда доолашуулар, кун телеолор, калыска түшүүлор, адилеттүүлүктү жактоочулар ондуулор арбын боло турган. Мына ошондой шартта чечендер таңдайынан чаң чыгара суйлеп, ар кандай кузаматтуу иштерди бара, козго сайгандай керо, имере айтып, ишти жылчыксыз бүткоро турган. Баатырдыктын кейипкерин уламыштарда Манас баатырга такасак, чечендиктин касиети Жээренче чеченге ыйгаруу менен макал жашап келүүдо.

Ой-пикирлер