Кирүү

Тестиер кыз

Тестиер кыз - бул кол арага жарап, үй ичиндеги иштерди атка-рууга өзүнүн жоопкерчилиги бар кыз. Энесин айланчыктап, анын колдон келээр айткандарын жасоого дымактанат. Дал өзүндөй атка-рууга аракети зор болот. Тестиер чактан тартып, энеси, эжеси, жеңелери ага түз таалим берүүгө назар ташташат. Жакшы үй-бүлонүн ички жүрүм-турумдары, улуу-кичүүго мамиле-катыштарын баамдаган те­стиер езү эле ошол нукту аркалайт. Өзүнүн кир-когун жууйт, үйдү мизилдетип шыпырат, улуулардын нускоолору ага багыт берет. Ата-энелерин ээрчип, айыл-апаларды кыдыруудан уялып калат.

Бир ургаалдуу жумуштар болсо, эже-жеңелери, ага-жезделери менен ил-гери айттоочу, бир жакка баруучу. Ата-энелери кызды тестиер чагы-нан тартып, айыл аралатуучу эмес. Ал барган жеринен эмне укса, эмне көрсо, аны айылына, үйүнө, оз курбалдаштарына айтуучу. Кээ-де көрүп айтат, кээде көрбөй айтат. Айрым учурда имиштерди угат. Мындайда бирөөлөргө айтылган сөздөр калпыс да болуп калат. "Ай-ткан ушакчы эмес, айтып келген ушакчы" деген соз жаман. Ал бирөөлөргө: "Эч кимге айтпа" - деп, бирөөлөрдү ушактап бирдеме дейт. Ал дагы бирөөгө: "Эч кимге айтпа" дейт. Ал жана бирөөгө "эч кимге айтпа" менен торт-беш адам укса болду, жалпы элгежайылып кетээри айкын. Ошондуктан ата-бабасы нарктуу, акыл-эстүү ата-эне-лер кызыбыз ушакчы аталып кетет деп, кыздарын айылчылатпайт. "Кызга кырк үйдөн тыюу..." мына ушундан калган. Жеңелери аны "кичине кыз" деп тергешет.

Ой-пикирлер