Кирүү

Тарих-и кыргыз шадмания

Тарих-и кыргыз шадмания ("Шабданга багышталган кыргыз тарыхы") – кыргыз элинин туңгуч агартуучусу жана тарыхчысы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) уулунун 1914-жылы Уфа ш-нда бастырып чыгарган чакан энциклопедиялык эмгеги. Эмгек сарыбагыш уруусунун манабы Шабданга багышталып, мазмуну боюнча "Мухтасар Тарих-и Кыргыздардын кыскача тарыхы") аттуу китебинин кеңейтилип жазылган варианты болуп эсептелет. Осмонаалы молдо китептин башталышында казал-насыят түрүндө тарыхты билүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып, наадандыктан кутулуунун жолу илим-билим экендигин көр-гөзөт жана кыргыздардын башка маданияттуу элдерге теңелишин эңсейт. Китепте кыргыздардын Тагай деп аталган сарыбагыш, солто, бугу, моңолдор, черик, саяк жана азык урууларынын тарыхы – санжырасы баяндалган. Түрк урууларынын таралышы жөнүндө жазганда Осмонаалы молдо Абу-л Гази Бахадур хандын "Шажара-йи Түрк" эмгегине таасирленгени байкалат. Санжыранын кыргыз урууларына тиешелүү бөлүгү башкаларга караганда кыйла так берилген. Кыргыз урууларынын санжырасынан сырткары Тарих-и кыргыз шадмания китебинин оригиналдуу бөлүгү катары Осмоналы молдонун өзүнүн замандаштары тууралуу жазганын көрсөтүүгө болот. Орус оторчул бийлигинин учурундагы кыргыз коомундагы илим-билимдин жанданышы, оокаттуу жана башкаруучу чөйрө- дөгүлөрдүн арасында жаңы катмардын пайда боло башташы жөнүндөгү маалыматтар Осмонаалы молдонун эмгегинин баалуулугун арттырат. Китепте манап Шабдан баатырдын ишмердиги, эл үчүн кылган кызматтары баяндалган. Ушул китепте орун алган "Шабдан баатыр казалы" поэмасында Шабдандын кайтыш болгондогу аза күтүү, баатырдын жасап кеткен иштерин даңктоо жана аны узатууга катышкан кыргыздын белгилүү адамдары жана башкалар окуялар ыр менен жазылган. Китептин акыркы бөлүгүндө казак элинин, дуңгандардын тарыхы ж- дө азыраак маалыматтар берилген. Осмонаалы Сыдык уулунун бул эмгегин 1990-жылы проф. Хусеин Карасаев кыргыз тилинин азыркы орфографиясына которуп, баш сөзү менен "Тарих кыргыз Шадмания", "Кыргыз санжырасы" деген аталышта кайрадан бастырып чыгарган.

Ой-пикирлер