Кирүү

Кожомкул балбан

Каба уулу Кожомкул 1888-ж. Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан. 47 жашында салмагы 164 кг. бою 1 м. 97 см (кээ маалыматта бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон). 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Атасы Кошуна уулу Каба (болжолу 1827-1906-ж.) күчтүү балбан болгон. Кожомкул Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 1247 кг. ташты тээп жылдырган. Энеси Алмадай эр сайышка түшкөн белгилүү зайып болгон. Кожомкул 15 жашында дасыккан 45 жаштагы балбанды жыккан. өмүр бою күрөштө, эңиште эч кимге жеңилген эмес. Казак балбаны Балуан-Шолакты жыккан, казакка даңазасы тараган. Жаш кезинде салмагы 400 кг. өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см. ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.

Эл аны азыр "Кожомкулдун ташы" деп аңыз кылат. Суусамырда Кожомкулдун мындай таштары Бөйрөк, Кең Суу, Жоо Жүрөк жайлоолорунда, Кетмен Төбө өрөөнүндө бар. Чүйдөн Суусамырга баратып аты баспай калганда аны Төө Ашуудан (ашуудан) өзү көтөрүп өткөн. Дүйнөлүк алп жана коомдук ишмер Кожомкул Каба уулу 1955-ж. өлгөн. Анын күмбөзүн 1956-ж. Очобай уулу Исабек салган. Кожомкулдун 2 уул, 1 кызы болгон. 1962-ж. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал байге үчүн жыл сайын эл аралык мелдеш өткөрүлөт. 1990-ж. "Каба уулу Кожомкул" деген документалдуу-хроникалык фильм тартылган. Ал жөнүндө бир нече китеп чыккан. Ысымы Бишкектеги Спорт сарайына берилген. Суусамырда 1989-ж. анын атындагы музей ачылган.

Ой-пикирлер