Кирүү

Кытайдан кыргыз элдин кайтканы

Кытайдан кыргыз элдин кайтканы

Карашаар, Луп, Кашкар, Жаркентке жете чачырап кеткен жана Кулжа өлкөсүндөгү качкындар падыша түшүп, урият болгонуна текши ишенип, азаттык болгонуна көздөрү жеткен соң ар кайсы кыштакка жана тоого чачыраган качкындар жыйылып, жод азыгын камдап, кытай, дунган, уйгурга берген кыздарынын көбүн уурдап алып кайта жөнөгөн. Жолдо келе жатканда көбү уурулукка кирген.

Тянь Шань тоолорун жана Кызыл Кыя, Санташ ашып, сапырылып, күндөп-түндөп, эң азында 40-50 түтүн жөө жалаңдап көбу өлгөндөрүн көмүүгө пурсаты келбестен, оору кишилерин көтөрүп, алып, эгерде алып жүрүүгө дарманы келбесе, жанына идишке суу коюп, азыраак тамак, талкан менен жар түбүнө болбосо таштан үй кылып зоо түбүнө таштап, кайрылын келип алабыз, — деп өздөрү жүрө берген. Маселен, Кара Саздын башына сарбагыш элинен Кара Бекбоо деген абышканы оору болгон үчүн алын жүрө албай, жанына бир далай тамак коюп, балдары кайта келип алабыз деп көчтөн калбай жүрүп кеткен. Абышка жалгыз жатканда эки жаш жигит көрүп: . "Сен болсоң көрөрүң көрүп, ичериңди ичтиң жана мынчалык жашка келдиң, жаш биз өлбөйлү",—. деп тамагын алып кеткен. Ачкалыктан чыдабай бир-бирик карактап жана уурдап, көп өлтүрген. Маселен, Бедел ашып Тарагайга келгенде айылынан бөлунүп| Тарагайга, анан Нарынга барамын деп тыным сейитке кошулуп, атаке элинен бир түтүн чечей кошо кө-чүп келе жатса, андан келе жаткан тынымсеиит кыргызы эки күн эки аяк талкан сурап алЪш, жарма кылып- ичкен. Үчүнчү күнү күң баткан соң сураса, күнүгө берип кантип чыдайбыз, — деп катыны айтканда баягы жигит ачууланып кайта чыгып кетип, үйдүн ээси намаз окуп жатканда кирип келип, балта менен башын жара чаап өлтүргөн. Калган алты баш кишини бүткүл өлтүрүп, өлүгүн сүйрөп барып жардын алдына таштаган. Жаралуу болуп, эси ооп калган 12-13 жаштагы эркек баласы таңга жакын эсине келип, кайта өз айылына кайтып келип кошулган. Баланы кубалап келип жетпей калган.

Көчүп келе жатканда 3-4 жаштагы балдар жөө баскан. Басалбай калган балдарды жана оору кишилерди белине аркан байлап, жетелеп баскан. Оору кишинин көбү баласын жана тамагын төшөнчүгө таңып көтөрүп жүргөн. Чоңураак эчки же кой болсо, жарым пудка жакын жүк арткан. Турпандан Кочкорго жете ооруган катынын эри көтөрүп келген (Чоң Кеминдик Шыгай Алтай уулу). Карыган ата-энеси оору болсо балдары көтөрөкөтөрө чарчап, алдыңкы көчтөн артта калганын көрүп, ата-энеси: "Бизден тукум болуп, силер аман калсаңар болду, жаш силер өлбөгүлө, элден калбагыла, биз силерге ыраазыбыз", — деп тоо арасында кала берген. Ооруган жаш колуктусун нече күнү көтөрүп, өзү ачкалыкка чыдабай жана" көчкө жеталбай калганда колуктусунун алдына төшөк салып, үстүнө жууркан-кийимин жаап, кепин кылсын дегенсип, элечегин жаздап, жанына суу коюп, таштап кеткен (Жалак белде), талаада калган өлүктү топтолгон иттер жеген.

Ошондой азап-мээнетке дуушар болуп, биринен бири ажырап, көбү ачкадан өлүп, ач бел, куу жолдун үстүндө келе жатканда окшошконго мушташкан кыргыздан кылып калган. Анын күйүтүнө чыдай албай солдатар 30-40 болуп тоштошуп, бел-белге кыргызды тосуп (үргөн. Булар катын-баланы кырып, сулуу кыз-келин болсо алып, мал-мүлкүн талап турган.

Мындай карактоо, өлтүрүш көбөйгөн соң, кыргыздар күндүз жашынып, түн ичинде көчкөн. Бедел шын келе жаткан бугу кыргызы желдеңден сентябрь шында катын-бала аралаш 150 киши өлтүрүлгөн.

1916-жылында декабрь айында Каркыра менен Нарынкөлдүн ортосу Чоң Капкакта кечке жакын 20 казак-орус келип, чиркей уругу саяктан бир далай жаш бала, катындардьь кырып жатканда Жусуп Абдыракман уулу (Совнарком) беш жаштагы инисин көтөрө качып, арча-карагайга жашынып качып кумулган.

Барскоондун ичин Ачык Ат деген жайлоонун сайында август айында желдең кыргызынан көчүп келе жаткан 300 кишини барскоондук мужуктар колу-буттарын байлап туруп, таш менен жанчып өлтүргөн.

Кытайга качпастан, тоодо бекинип калган кырк түтүн кишини Чежи деген жерден кармап алып мужуктар өлтүргөн. 1917-жылы март айында 60ча түтүн кыргызды түлөө кылып жатканда кырган. Мунун түтүнү ажы элиндеги чагалдак уругунан болгон.

Түп орустары Түм менен Кудургунун ортосунан талаада эки киши кармап алып, саманга аралаштыра капка салып өрттөгөн. Жана Түптүн орустары Түптөн кишини айрылап өлтүргөн. Бирин-сериндеп өлтүрүлгөнгө эсеп жок. Керенский заманында болгон өкмөткө арыз кылсак укпастан кайтадан өзүнө ачууланып урду, "1916-жылында колун, менен кылдыңар, эми каның менен төлө", —деди. ("Сам кашу наварил, сам расхлебывай".) Качкынды өлтүрүп турган мужуктарга астыртан жардамчы болду. Маселен, 1916- жылында көтөрүлүш кылган кыргыздарды суракка чакырын кел деп жабдыктуу мужуктарды жиберип, "жолдо качты, каршылык кылышты" деп аткыла деп тымызын уруксат берип турду. Ошолордун бири жарактуу мужуктар Тондон Ысакаалы Алматаев баш болгон 11 кишини Тамра кыштагына айдап келип, Үйгө камап коюп, терезеден аткылап өлтүрдү. Качкан үчүн аттык деп мужуктар акты кылганда өкмөт Кабыл алды. Өлтүргөндөр жоопсуз кетти.

Чүй, Кочкор, Ысык Көлгө түн катып жашынып түшкөн качкындарды сенде паландай акым бар, малымды айдап кеткенсиң, баланча мужукту өлтүргөн-сүң деп малын төлөтүп, малсыз болсо көбүнчө едүн өлтүрүп, катыны сулуу болсо, Алматыдан барган казакка, таран! дунганга сатып турду. Кыз-келинин Токмок, Пишпек, Караколдон же орустун - колуна түшкөндөй сатып алып, Алматыга алып барып пайдага сатуу казак менен таранчыга кесип. болду. Мужуктун өлтүргөнүнө, талаганына чыдай албай Алматы дуванына, Пишкекке, Олуя Ата, Таласка, Кетмен Төбөгө качты. Кайтадан Кашкар Турпанга кеткени дагы болду. Кышкы суукта үстүндө кийими, ичүүгө тамагы жок болгон үчүн көп кырылды. Жалгыз жүргөндөрүн карышкыр жеди. Келте, котур каптады. Жол үстү, тоо арасы ашуулар жар түбүндө, таш түбүндө өлүп жаткандардын эсеби жок, буларга жардам кылган болбоду. Токмок, Пишкекте жана кыштактарда көчөдө басалбай жүргөн ачкадан жана оорудан басалбай келе жаткан качкы дарды итине талатып өлтүргөн мужуктар да болду.

Дунган, өзбек мужукка жаш балдарын, катын кызын сатты. Күндө беш-ондон топтоп жүргөн жетим балдар кечинде барар жери жок, суукка чыдай албай кечке ачка, Кечинде өзбектердин үйүнө түнөтүүгө сураса киргизбей көчөгө кууп таштап, көчөдө суукта калып, балапандай оозун ачып, өлүп жаткан жаш балдар көп болду. Ошентип, калган балдардын көбүн көбүнчө орустар үйүнө киргизип асырап турду. Ачкалыктан киши кашкулак, суур, чычкан, эшектин этин жегендер көп болду. Байлары кедейге карашпастан кетти. Токмокто: Галий, Турдахун деген бийлер өлгөндө кепин берсе сооп болот экен деп кепин гана берди. Тиричилигинде жардам кылбады.

Ашпоздук кылып, бала-чакасын эптеп багып турган качкындарды Токмоктун мужуктары өлтүрүп турду. Маселен, абыла кыргызынан Абийир дегенди өлтүрдү. Кыргыздан- бузук кишилерди жалдап алып, жолбашчы кылып жашырып, көрүнбөй тоодогу качкындардын мал, мүлкүн алып турду. Токмоктон Кара Доңуз басып, Чиян, Бугу Мүйүз кыштактарын аралап бара жатканда алардын мужуктардын өлтүрүшү дагы болду. Алматы дуванындагы казактар сенделип жүргөн кыргызды ууру деп оруска кармап берип өлтүрткөнү кеп болду, Нарында саяк жана калпа Келдибек уулу бир качкын кыргызды уруп өлтүрткөн.

Тескейде—Тоңдо "питат" пункт ачылып, ал алты й чамасында элди багып, бирок, каражатка берген кчадан манаптары пайдаланып турду. Алматыда, саргалда дагы ачылып, качкындар элүү жети күн агылды. Мен башында турдум. Нарынга пункт ачабыз деп Керенский өкмөтү жана манаптар элден отуз миң кой жыйнап алып, пункт ачпастан качкынга какшылык жок деп малды өз пайдаларына калтырды.

Кара Коңузда Булар Магуев Чоң. Дөбөгө ашкана ачып, 1500 чамалуу качкынды үч ай бакты. Көк чык-канда Булар өзү келип, биз Бейжинден келип мыншлык куралып эл болдук, тукумдар калар, дунгандар ачка болуп кетти. Эми тарагыла деп тараткан. Ошондо дагы дунгандар, азоолоп качкынды алып баккан. Калган качкындар таратан. Бул качкындар-дан миң чамалуу киши өлгөн. Баккан дунгандын кээ бирлери кыргыздын багылып турганынан өлтүрүлгөнү дагы болгон. Күн абдан ысып калганда элге келте келип, көп кырылган. Николайга жардам болуп, качпай калган кыргыздан өлтүрүлгөндөрү: 1918-жылында Нарындык Калпа Келдибеков, Токмоктон Дүр Сооронбаев. Токмокко камап жатып бир нече күндөн соң Шор Дөбөдө атып өлтүргөн.

Николайга каршы чыккандан Токмок орустары Шор Дөбөдө өлтүргөндүн ичинде Масымкожо Тоголоккожоев, Турумбек, (Шамшы эли) жана Канаттын баласы. Кочкорлуктан Кытайга качып барып, кайта келген Тезекбай Түлкү уулу, Жапай Көкташ Уулу жана башкалар. Нарында-Чолук баштап бир нече киши атылды.

1917-жылы күзүндө хулиган басмачы орустар Бөлөкбай кыргызынан Салмоорбек Асыл уулу баштаган 20 кишини өлтүрүп, мүлкүн талап кеткен.

1918-жылында Кондубаев жана Кытайга качкан-Дан Ысмайыл Сулайманов бир жолдошу менен үч кишини улук чакырып жатат деп солдаттар айдап бара жатып, жолдо өлтүрмөк болгондо Кондубаев солдаттын бирөө менен каруулаШканда беркиси кылычтап өлтүрүп таштаган. Жолдошу жарадар болуп ып кутулган. Сулаймановду дагы өлтүргөн. 1917-жылында сентябрь айынын башында бөлөк-кыргызынан Андаш Чоловту Токмок мал база-бузуктар күндүз-ү тепкилеп өлтүргөн. 1917-жылында күзүндө Алматыда Демократтык республика жарыялады.

1918-жылында 17-февралда Алматыда Кеңеш өкмөтү курулганда өлүм токтоду. Эгерде Кенеш өкмөтү курулбаса качкан кыргыз эмес, мында калган жана урушпаган кыргыздан дагы тукумун койбой кырат эле. Ошондо дагы анда-санда чекене өлтүрүлгөн болду.

1921-жылында 20-январда бүткүл кыргыз-казактын кедей бечараларынын Олуя Атада съезди болуп өткөн соң эл-журт тынып, тынчтык таап, өкмөт кедей пролетардын колуна өтүп, кан ичер жоон муштум колонизаторлорго жаза чындап берилген соң, эл-журт тилегине жетип, башына түшкөн кара туман ачылып, жаркырап кызыл жылдыз көрүнгөн соң, анын касиети менен кара түндөн кутулуп, кара күн унутулуп, жан өзүмдүкү, өкмөт биз — пролетар кедейдики деп бүткүл ишти колуна алып, соңиализм жолуна киришти.

Ой-пикирлер