Кирүү

Кыргыздар Cибирь тарыхында

Манастын кырк чоросу болгон.

Лигетинин сөзүндө биздин эранын VIII кылымында могол уйгурдун тарыхында кыргыз болгон. Ушуга жете кытай тарыхчыларынын берген кабарынан жазДым. Эми башка элдин тарыхынан кабар берейин: урум падышачылыгынын тарыхында (История Византийской империи) биздин эранын 568-жылында Рум падышасы экинчи Юстун түрк каны Дизавулга (Таласта турган) Зив Марх деген элчисин жибергенде Дизавул Рум падышасына кыргыз наслинен бир күң жиберген.

Араб тарыхчыларынын кабары: Мараати Ликайнот деген тарыхта — хиркис түрктүн эн эски уукасынан деген. Истахри хавхали жана башкалары хиркис деген. Биздин II кылымда болгон Махмуд Кашкары Тянь Шань тоолорунун чөлкөмүндө кыргыз бар деген. Персия тарихчиси Тардизи — кыргыз — кыргыз деп жазган. Ушул Иран тарыхчысы Гардизи биздин кылымдын 1050—1051-жылдарында Газнаевит султаны жаздырган "Зейнал ахбар" деген тарыхында мындай жазат: "Кыргыздын насили орус (славян) хандарынын тукуму, Когман тоосунун нары чети күндүк жерде кыргыз турат. Кээ кыргыз уйга, кээ кыргыз шамалга, кээси кирпиге, кээси сагызганга, кээси көркөм жыгачка табынат. Кыргызда кашнун деген бар. Алар келердеги окуядан кабар берет. Түсү ак, чачы кызыл, бою узун" дейт.

Тогузугудан кыргызга баруучу жол: Чинанжикенттен Казанга, андан Лукбекке, андан Кемизартка, андан бир же эки ай көйкөлгөн чөптү басып, дагы беш күн талаа менен жүрүп, Кемизден Мамбеклуга тоо басып, эки күндүк жол, андан токойго түшөт. Андан ары далаа башталат, Мамбеклуга жете аң уулашуу өтө ылайык. Бул бийик тоо. Мында сүлөөсүн менен ак тыйын көп. Мамбеклудан соң Көгмөнгө барат, жолдо малга жайыт, аң жана суусу көп, ошондой жол менен төрт күн жүрүп Көгмөнгө барат. Көчмөн эң чоң тоо, бул тууралу Орхон жазууларында көп учурайт. Бул тоонун жолу тар, жыгачы көп, ал тоодон кыргыздын борборуна жети күндүк жол. Бул талаа менен жүрүп, чөбү өтө мол, булагы көп жана жыгачтан кармап шибе кылып койгон, ошон үчүн жоо өтө албайт. Кыргыздын турагына жете жолдун баары бак сыяктуу. Кыргызда бул жер жана макталуу. Бул жерге үч жол барат. Ошолор менен гана жүрүшкө болот. Мындан башка жери тоо болуп, анын арасында токой черди шибелеп тоскон. Бул айтылган үч жолдун бири күн жүрүштө Тогуз угузга кетет. Экинчиси, күн батышка Кыпчаки (Гымакка) жана Карлукка кетет. Үчүнчүсү, талаа менен үч ай куру деген көп элге жеткенче жү­рөт. Буга дагы экинчи жол кетип, сол жакка жүрүп, эки айлык жол, бирок бул соңгусу өтө кымбат, дайым токой. бийик каптал жана тар жылгалар менен жүрүү керек. Жолду ката чоң суу, дайым жааң, ким бул жол менен жүрсө, жакшылап тийиштүү камын жеши керек жана киймин чыңаш керек. Жердин баары суу, Жерге нерсе коюу мүмкүн эмес. Ушул саздак жерден өткөнчө аттын куйругун кармап жүрүш керек. Бул сазда эч кимге катышпаган жапайы эл бар. Булар башка элдин тилин билбейт жана анын тилин киши билбейт. Алардын тилин эч ким билбейт. Булар эң жапайы адам. Бар нерсесин аркасына салып көтөрүп жүрөт. Алардын бар мүлкү аңдын териси, эгерде буларды ошол саздан алып чыгарсаң, алар колго түшкөн балыктай туйлап, бултулдайт. Кийимдери аңдын терисинен, жаасы жыгачтан, тамагы аңдын эти, алардын дини ушул: эч убакта башка кишинин кийими менен мүлкүнө тийбейт. Бирөө менен согушаарда катын-баласын ала барып согушат. Душманын жеңген болсо, алардын мүлкүнө катышпастан, бир нерсе албастан өрттөп жиберет. Жалгыз темир жабдыгын алат. Катыкы менен кошуларда төрт аяктап туруп кошулат. Малын малга, жаки аң, жыгачы көп жер берет. Алардан кээ бири кыргыздын колуна түшсө, тамгын ичпейт. Эгерде бир дос кишисинин көңүлүн калтырса, андан качып жоголот. Өлгөнүн тоого алып барып, чиригенче жыгачка асып коёт. Кыргыз жеринен жыпар, жүн, тери, куту алып келет. Куту деген бир түрлүү айбандын мүйүзү. Кыргыздар үндүгө окшоп өлүгүн өрттөп жиберет. "От биринчи таза, нени болсо да, таза кылат. Ушул себептен өлгөндү күнөөдөк таза кылат деп билет". Кыргыздын арасында Фагинун дегени бар, ар жылында бир белгилүү күндө келип, комузчу, кыякчы жана ошондойлорду бүт жыйып алып той кылат. Комузчу, кыякчы башкалары оюнга келишкенде Фагинундун эси ооп калат. Мындан соң эмне болбосун ушул жылдагы тарчылык, .кенендик, жаан, кургакчылык, кооптуулук, тынчтык жоо болорун бүткүл айтып берет. Көбүнчө Фагинунун айтканы келет.

Бул замандагы кыргыздын бакшы бүбүсү ойногондо комузчу же кыякчы ойномоюн, бакшыбүбүнүн жини түшпөйт, демек келеркиден кабар сөө бере албайт. Биздин кылымдан — эрадан — үч кылым мурун кыргыз өзүнчө зор мамлекет болгондугун, аны гунь калкы падышалыгынан ажыратып, бытыраткандыгын, кийин гунларды кыргыз менен кытай бирлешип, биздин эранын 93-жылында жеңгендигин жогоруда көрдүк Эми гунлардын ким экендигин жана анын саясы жагын бир аз көрсөтөйүн. Гунлардын биздин эрадан үч кылым мурунку ал-авалы тарыхтарда бир далай маалим. андан мурунку ал-жайынан тарыхтардан учурата албайсың.

Биздин эрадан үч кылым мурунку (кыргызды жеңилген доору — убагы) гунлардин баштыгы Модахан (кытай — Чан Юй, түрк —- Угузхан) дейт. Бүтүн түрк элин күн чыгышта зор мухит (Великий или Тихий океан) деңизинен тартып, күн батышта Эдил жайыкка (Волга), Уралга жете бүткүл баарын өз кол алдына караткан. Түн жак Кытай, Иран, Армян, Шам, Египет. Индустанга чейин алган. Модахан бүткүл элин 24 өлкөгө бөлүп, элин он, жүз, миң, он миң, жүз миңге айырып, баштык коюп, иретке салган. Эл жыйып, калк арасындагы адет, расимди күчөтүп, жалпы элге жараша мийзам кураган. Модахан биздин эрадан 174 жыл мурун өлгөн. Биздин эранын 48-жылында Гунь мамлекети — "түн жак" жана "күн жак" деп эки мамлекетке бөлүнгөн. Тянь Шань тоосунун тегерегиндеги гунлар жана күн жак мамлекети Кытайдын саясатына кирген. Бир бөлүгү Алтай тоосуна качып корголоп калган.

Биздин эранын 93-жылында Кытай менен кыргыз-дан жеңилген гунлар Орол тоо, Волгадан (Эдилден) өтүп, Дон дарыясындагы "Аландарды" каратып, Дондун күн батышындагы гунларга чабуул коюп, анын 110 жаштагы карыган падышасы Арманарихти өлтүргөн. Остгуттердин бир бөлүгү гунларга баш ийип, бир бөлүгү качып Вестгут, Остугуттарга кошулду. Вестгуттар болсо, Рум мамлекетине барып сыйынды (Остгот; Вестгот деп азыркы Германияны айткан). Жаврова эли биринчиден, Гуньдан үркүп качып, экинчиден, өздөрү бирин-бири кысып, жалпы баарысына коркутуу түшүп калтыраган. Гунлар Рум мамлекетине чабуул кылды. Элин үркүттү. Тарыхта бул доорду "Элдин зор которулушу" (Великая переселение народов) дейт. Гунлардын Ругил деген ханы биздин эранын 433-жылдарында өлүп, анын ордуна Атылла деген хан болуп, мамлекетинин чеги күн чыгышта Волга (Эдил), күн батышта Рейн (Германия, Франция ара-сындагы суу), түн жагы Балтика деңизи, түн жагы Македония болуп, эки ортодогу элге ээлик кылып турган Дунай дарыясынын боюндагы бүткүл шаарды каратып, кээсин талкалап, кээсин өзүнө бой сундурлу Атылла Дания жана Венгрия жерлеринде чатырда турду. Гунларга орустун түпкү бабалары славяндар табы болуп турду.

Ой-пикирлер