Кирүү

Аварлар

Аварлар, Күлтегин каза болгондо маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери менен катар эскерилет. Улуу көч доорунда Аварлар Евразия талааларында, Карпат менен Дунайдын аралыгында орун алышкан. 9-кылымда Аварлар тарыхый аренадан кетип, Европадагы башка элдердин арасына сиңишет. Европада Аварлар көрүстөндөрү жакшы изилденген. Алардын көпчүлүгү монголоиддик тектеги көчмөн калктар болушкан. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча Аварлар жуан-жуандардын тукумдары, экинчи бир божомолдоолордо Аварлар Орто Азиядан чыгышкан. Венгрияда жана ага коңшу мамл-де Аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөгү буюмдарга ылайык Аварлардын башкаруу системасын баамдаса болот. Бийлик башында каган туруп, анын улуу аялы катун деп аталган. мамлекетеги бөлүнгөн жерди башкаруучуну тудун жана югур деп аташкан. Кагандын буйругу боюнча салыкты тархандар чогултушкан. Аварлардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп. Анткени, Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жеринде көмүшкөн. Мындай көрүстөн-дөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы. Тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, о.эле ири мүйүздүү мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Аварлар руна жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили жөнүндө маалыматтар аз. Ал тууралуу кабарды жеке аттары, титулдары аркылуу болжойбуз. Аварларда бакшычылык, бутка сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер 6–9-кылымда металл бастырмалар менен кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушудай эле ыкма менен ат жабдыктары кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, алышып жаткан жаныбарлар келбети түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртынан күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген Аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталуудАварлар Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабоны жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңиртоодогу жылкы менен бирге көмүлгөн жоокерлердин көрүстөндөрү, европалык Аварлардын жылкы менен көмүлгөн жоокер көрүс-төндөрү менен көп тараптуу окшоштуктарга ээ. Мындай жалпы окшоштуктар хунн, түрк мамлекетери учурунда элдердин Улуу көч доорунда жалпы Евразиялык тарыхый, этномаданий процесстерге катышкандыгын белгилейт.

Ой-пикирлер