Кирүү

Кыргыз-Кытай дипломатиялык алакалары

Кыргыздар 7-кылымдан Борб. жана Ички Азиядагы эң ири аскердик-саясий күчкө айлана баштаган.

Тан императорлору кыргыздардан өзүнүн ишенимдүү, күчтүү союздашын көрө алышкан. Буга 632-жылы Кыргыз каганына Тан императору Тайцзунь тарабынан жөнөтүлгөн Ван И-Хун башында турган мамлекет расмий элчилик далил болот. Кыргыздар бул элчиликке жооп иретинде 648-жылы Шибокюй Ачжан башында турган элчилерди жөнөтүшкөн. Кыргыз элчилери кытай императорунун расмий кабылдоосунда башка элчиликтерге салыштырганда өзгөчө сый-урмат менен кабыл алынгандыгын маалым-даган булактар бар. Кытай жыл баяндары 724,747-жылы элчиликтер жөнүндө эскертет. Кыргыздардын жана Тан империясынын ортолугундагы саясий- дипломатиялык алакалардын туу чокусу 9-кылымдын ортосуна таандык. мамлекет расмий иш-кагаздарында Азиянын эң күч-кубаттуу мамлекеттеринен болгон Кытайдын Тан династиясына кыргыздар кеминде 3 кылымдай мезгилде ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик – саясий союздашы болгондугу маалымдалат. Бул согуштук союзга айрым учурларда Тибет, Курлук, кагандыгы да биригип турушкан. 843-жылы чегинде эле элчилик миссияга жооп иретинде Кыргыз каганынын атайын тапшыруусу боюнча Табу Хэцзу (Алп Сол), Вень-у Хэ, Дидэсу Наньчжу өңдүү кыргыз аскер башчылары жана эл билермандары Тан императоруна мамлекет расмий каттарды тапшырышкан. Кыргыз-кытай алакалары Тан империясы кулаганга чейин (907-жылы) уланган.

Ой-пикирлер