Кирүү

Чүй боюндагы көтөрүлүш

Чүй боюндагы көтөрүлүш

Абды Ажынын сөзүн уккан соң, Коңурда жаткан атеке эли, жетиген, кыпчактар жана эстебестин айылындагы кедейлер-дыйкандар Самсоновка казак-орус-тарынын жайлоодо жаткан малын түн боюнча талап алып, бирин-серин жүргөн малай орустарды өлтүрүп, Кичи Кеминдеги элге кабар берген.

6"августта эртең менен Кичи Кеминдеги кедейлерден Болоткан баштык болуп, ар кайсы бал челекчи орустарды өлтүрүп, малын-үйүн талап, талкалаган. Самсоновкага келе жаткан жыйырма-отуз чамалуу жабдыктуу жай орустарды кыргыз кайтадан Самсоновка кыштагына айдап кирген. Каройдогу Васильев партиясынын Алышчы орустарынан, Самсоновканы бет ала арабачан качып келе жаткан орустардан кыргыздар бир орусту найза менен сайып жарадар кылганда орустар көп нерсесин арабадан таштап, женилденип качып, атыша-атыша Самсоновкага кирип кеткен. Ушул күнү сарбагыш элинин абыла уругуна дыйкан-кедейлер Желаргы менен Тайгак бекеттери, жана кара жол менен Бишкекке карап айдап бара жаткан казыналык көп (60-70) аттарды талап алга 6-августта Жунуш Сасыке уулу Кичи Кеминди түл боюнча талап, бал челегин кыйратып, кемпир-чал, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бир кыз-келиндерди өл. түрбөстөн пленге алды деп айтты.

Чоң Кеминдеги кишилердин айтканы-берген кабары: кышгакка тийбестен, чекене орустардын тамдарын Араззоот, Кардоонду талкалап, катын, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бирлерин пленге алды деди, жана чөп чаап, мал багып жүргөн орустарды кары-жашына карабастан өлтүрдү деди.

7-августта атаке сарбагыш эли Чоң Кеминдеги орустан малын талап алып, тоодо жана талаада жүргөн бирин-серин, мал баккан эгинчи батырак орустарды өлтүргөн. Жол Булактагы Кардоон менен Аразоот тун калганын талап алган. Мен ушул күнү мойнумдагы Николайдын знагын үзүп ыргытып жиберип, жанымдагы печатын.таштап жана концеляр кагаздарын сууга салып, кедей-дыйкан, букарага кошулуп, көтөрүлүшкө кошулдум. Бирок пристав аскери менен келип, Жел Арык, Бөрүбайдагы көтөрүлгөн кыргызды кубалаптыр, эми Чоң Кеминге келип, бузукту басат экен деген сөздү угуп, кокустан келип калса билдир-бегеним үчүн мени аттырып жиберет экен деп заявление жазып, Баялы деген жигитти жибердим. Ал кайтадан келбеди. Аны Ак Бекет, быстровкалык крестьяндар тарабынан өлтүрүлгөнү кийин маалим болду. Карыган киши жиберели десек, мени эмне кылмак эле деп кайраттанып, болбостон жүрүп кетти. Билдирүүмө себеп болгон ахвалдар төмөнкү:

1) Казактан көтөрүлүш чыкты. Кабар угулар замат кыргыздар орустардын катын-кыз, жаш баласына, кедей, абышка, кемпир, малчыларына ырайым кылбастан өлтүрө баштады. Кедейлерин дагы өлтүрдү-Биздин урушарыбыз кыз-катын, жаш бала, абышка кемпир, кедей эмес десем, сен оруска боору ооруйсун, өзүн, чокундук оруссуң деп мени өлтүрмөкчү, урмакчы болду дагы, ырайымсыздыгын андан бетер күчөттү. Приставка билдирилди деген сөздү эл угуп, кемпир, чал, катын-кызды, жаш балдарды, кедейлерд өлтүрүүдөн тыйылар бекен деп кыялыма келди.

Узун кулак кабардан казак басылып калыптыр деген кабар болду. Эгерде басылганы ырас болсо, балким кыргыз да басылып калса, көтөрүлүш жөнүндө эмне үчүн кабар бербедиң, деп мени атып жиберет ко деген ой мага келди.
Көтөрүлүш болгон чакта Исамудин Шабдан уулу Пишкекте болгон үчүн анын Чоң Кеминдеги агайындары эгерде бузукту биз чыгарып коюп, кокустан Исамудин келбей. калса (Исамудңн 9-августта келген) аны улук өлтүрөт деп ойлоп, Чоң Кеминдеги сарбагыш эли Иеамудин келгенче кыштакка талоон койбостон токтоп турган. Бул окуя мага чоң коркунуч болду.
Бүтүн кыргыздын көпчүлүгү көтөрүлүшкө катыштыбы, жокпу, бизге билинбеди. Ал себептен, эгерде биз эл алды болуп бузук чыгарган болсок, кокустан журт текши көтөрүлбөй калса 40-50 түтүн аюке уругун атаке сарбагыш эли улукка көрсөтүп, баарыбызды кырдырат деп айыл арасынан ыргылжың сөздөр чынты. Көтерүлүш чыгаргандар мурункудай катын-кыз, жаш бала, кемпир-чалды, мал баккан малайды аябастан өлтүрдү. Бай-манаптар сулуу кыз келинди пленге алды,

Мен бул жерде дагы жана Кытайга барганда дагы плендердин спискасын бүткүл атеке сарбагыштан жыйып жүрүп, Кытайдан кайта келгенде 1917-жылы Октябрь айында Кытайдан баш жыюу комиссиясынан башчы комиссар Тынысбаевге колмокол тапшырдым. 7—8-августта Желпилдекте турган сарбагыш элинин дыйкан-кедейлери, тынай элиндеги кембагалдар баш кошуп, Талды Булак (Орловка) кыштагын талаган. Ушул күнү Токмок приставы Байгулов келип, кашын-да жыйырма солдаты бар Бөрүбайдагы Малай Кебентай уулу баштык кылган кембагалдар менен атышып, кыргыз качып кетип, тоого чыгып б-аруу кыйын болуп, Байгулов кечке жакын Самсоновкага кеткен. Токмоктогу орустар калаадагы кыргызды өлтүрө баштаган. Ушул күнү атаке сарбагыштан 400 киши Самсоновканы камап турганда Ысмайыл Далбай уулуна тийген. 9-августа атаке сарбагыш эли шашкеде Шабдандын мечитине чогулуп, кеңеш кылып, ак боз бээ союп, Мөкүш Шабдан уулун хан көтөргөн. Мен бул кеңеште болбодум".

Эл орусту каптап келе жатканда саат бир чамасын-Чоң Кеминдин суусундагы Ново-Россейский кыш тагынын көпүрөсүнө жеттим. Мөкүштү кан көтөргөн соң токтоткон кеңеш: ар кайсы айылдагы аскерликке чогулган кишилерге (жигитке) өз айлындагы кайраттуу кишилер башчы болсун, тамагына талкан, нан, сүзмө, курут алсын. Конгон жеринде талоондон түш-көн малдан союп жесин деп сөздү токтотуп, жалпы баары атка минип, туу кармашып, Ысмайыл ажы баштаган молдолор болуп Теңир колдосун деп түш ченде Чоң Кемин кыштагына көпүрө жагынан миң чамалу киши чабуул койду. Дүкөнчү орус жигит Соловянов (атасы ушул сапар кыргыздан өлгөн) алдыбыздан чыгып, "биз урушпайбыз" дегенде көптүн ай-туу боюнча Кемел Шабдан уулу жана мен төмөнкүдөй кат жаздык: "Эгерде жабдыгыңыздарды берсеңиздер аман-эсен узатып жиберебиз, эки сааттан калбастан жообун бергиле", — деп Кемел Шабдан уулу. Белек Солтоной уулу кол койгон, Бул орус кеткен соң журт мындайча кеңеш кылды: эгерде .жабдыгын берсе, түтүнгө бир араба, бир аты менен аман-эсен Ак Бекетке чейин узатып коймокко, узатып барууга милдетти Кемел менен Белектин мойнуна такты.

Эки саатта жооп келбеди жана да бир аз күтүп турду. Орус жактан киши көрүнбөгөн соң, жооп бербес болгон экен деп чабуул койду, Калмырза деген өзбектин дүкөнүнө барып чогулуп, орустар алдын араба менен тосуп алган, каптаган кыргыздын алдынан качырып барган кедей Төлөмүшкө ок тийип эки күн-ден соң өлдү. Болсун жана Бөтөй деген катындар баш болуп, 10 чакты катын "жаныңарды аябай жакшы урушкула", деп кыштактын жанына келип турду. Көтөрүлүш жасаган кыргыздардын бети ачык болуп, орустар катын-баласы менен камалып жатып, мылтыктап турду. Кыргыздын көбү үйлөрдү талап, нерселерин алып, чиркөө менен тамдарын өрттөдү. Бакчата, короого жашынып калган катын-кыз баланы талап, аларды өлтүрдү. Ушул күнү кыргыздын колуна түшкөн бир катын, эки кызды (узун мурут дүкөнчүнүн катын-кыздары) мен сурап алып, айылыма эки күн багып, аман-эсен түн ичинде кыштагына жиберттим. Колго түшкөн катын-кыз баланын кээ бирлерин өлтүрдү. Кеминдин кыштагында эрт күйүп жатканда Кичи Кеминден Акмат Сасык уулу келип, Кичи Кеминдик орусту талап, билгенин кылып жатат. Бирок, казак бүткүл баш кишилерин карматып, уруша албас-тан качты. Жана тынчып калды деди. Мен кабар айтканы келдим эле, атаке сарбагыш элине бүт айттым деди. Муну уккан соң кеңешип, Алматы казагынан бизге жардам болбойт экен. Жол ачык болуп, бизге Алматыдан аскер келе берет экен деп, бел-белди тосмокко 200 чамалуу жигитти жибердик. Атаке сарбагыштагы жабдыкты эсептесек, он чакты бардаңке, беш-он колго октогон октору болуп, ар кайсы жерде чачкында болгон. 10-августта Чоң Кемин кыштагын тегеректеп тургула деп, 200 чамалуу жигит таштап, кедей-дыйкандар алардын ичинен Мөкүш болуп, 300 жигит Самсоновкага кетти. Мен барбастан, кечинде айылды тоонун бек жерине конурмакка. Көк Ойрокко көчтүм. 9—10-августта Пишпек уезди Рамшиевич 40 чамалуу солдат жана Кара Булак казагынан Касен башчы 50-60 киши келип, Самсоновканын күн батышынан атаке эли менен атышып турганда аларды каптап калган 60-70 кедейдин туура арыкка туюк талып калганда кыргыздан беш киши өлгөн. Ичинде Жетиген дегендин баласы болгон. Кедейлерди Болоткан жетип, найзв менен Рамшеевичти саярд. айна ок тийип, жөө калып, солдаттар кылычтап өлтүрп кеткен. Өздөрү Рамшеевичти коргоп, Самсоновкагг, жөнөгөн. 11-августта Самсоновканын жанында Рамшеевич Байкулов, казак-орустар жана солдат поли-ңиялар болуп 100 чамалуу киши менен Мөкүш баш-тап, 500чө киши атаке сарбагыш эли (бир эсепте 600 киши) беттешип, кыргызда мылтык жок болуп, айбалта, чолу баш, найза менен качырганда аюке уругунун кедейи Бөкөй Курманкожо уулу жана башкаларынан 2-3 киши өлгөн. Бир нече киши жарадар болгон. Окко чыдай албастан, "кыргыз Боролдойду көздөп кеткен. Мөкүш Кичи Кеминге ашып түшкөн күнү жол менен Боролдойду бет алып бара-жатканда казак-орустар жолдун боюндагы бактуу дувалды тешип алып көрүнбөй туруп, элди аткылаганда окко чыдай албай дувалдагы орусту качыра албай, талаага качкан. Мөкүш жана туу алган киши качпастан, бастырып жүрүп олтурган. Туунун бетине нечен ок тийип, канчалык жерин тешкен.

Ой-пикирлер