Кирүү

"Кыргыз" деген этноним жөнүндө легендалар

"Кыргыздардын байыркы ээлик кылган жери кайда экендиги да аныкталган. Ал ошол кезде азыркы Монголиянын батыш бөлүгүндө, болжол менен Кыргыз – Нур көлүнүн районунда жайгашкан. Кыргыздар гунн аскерлеринин курамында кытайга каршы согушкандыгы белгилүү. Б.з.ч. 99-жылы гунндар кыргыздар ээлеген жерге башкаруучу кылып, колго түшкөн кытай аскер башчысы Ли-Линди дайындашкан. Ал кыргыз хандарынын династиясын негиздеген. Уламыштар боюнча ал династия кыргыздарды 10-кылымдарга чейин башкарган.Ли-Линдин тукумдары бир аз убакытка чейин гунндардын гегемондугунан кутулууга жетишкен.Бирок б.з.ч. 40-жылы гунндардын ханы Чжи-Чжи кыргыздар ээлик кылган жерди кайрадан каратып алган. Энее-Сайлык кыргыздардын эвропалыктарга түспөлдөшүп, "чачтары саргыч, өңдөрү нурданып кызыл-чийкил, көздөрү көгүлтүр болот" деп жазылган кытай тарыхында. VII кылымда кыргыздардын өз жазмасы пайда болуп, элдин сабаттуулугу арткан. Ушул азыркы Эне-Сайдан жана Тувадан байыркы кыргыздардын 120 дан ашык жазуу эстеликтери табылган.

Ой-пикирлер