Кирүү

Бостон уруусу

Бостон уруусу байыркы кыргыздын бир бөлүгү. Оболку дыйкандар. "Си-Юй-ту-Чжи" боюнча 1759-ж. Кытай генералы Бостон уруусу 1300 түтүндөн турган деген. 1879-ж. И.Миняев Бостон уруусун ичкиликтерге киргизген ("Сведения о странах по верховьям Аму Дарьи". СПб., 1879. стр. 200). 1885-ж. капитан Андреев Бостум болуштугунун старчыны Ташыбек экенин өзүнүн "Орто жүздүн баяны" деген эмгегинде жазган. 18-19-кк. бостондор ичкиликтерге жетекчилик ролду ойногон. 1900-ж. жазган Ситняковскийдин макаласында ичкиликтердин уруулук таблицасында бостондордун аты жок. Кыска мөөнөттө майда топторго бөлүнүп, бытырап коўшу урууларга кошулуп, сиўип кетишкенби? 1926-27-жж. А.Сыдыков боюнча Ош округунун Жоо-Кесек – Бостон болушунда, Куршаб болушунда турушкан (292-б.). Бостондор жөнүндө Я.Винников алгач толук маалымат берген. Бостон уруктары: Бозалабостон, Кара өрүс, Тескей, Батмунке, Токо, Сазан, Думар, Телмин, Чаманай, Мардай, Баймат, Гядык, Балчы, Каржады, Жиндөө, Сарымбек ж.б.

Ой-пикирлер