Кирүү

Кыргыз кагандыгы

Кыргыздар уйгурлардын Орхон суусунун боюндагы борбору Ордо-Балык ш-н 100 миң колу менен басып алган. Айрым уйгур уруулары кыргыздар тарапка өткөн. 9-к-дын орто чени, 10-к- дын башындагы Кыргыз кагандыгы доору ил. Чөйрөдө "Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мезгили" деп аталат. 940-ж кыргыз аскерлери чыгышта Ли Кэ-юн баштаган чыгыш түрктөрдүн колуна кошулуп, Тан сулалесиндеги такты талашуу күрөшүнө катышкан. Түштүк Сибирь, Моңголия, Байкал боюнун бир кыйла бөлүгү, Иртыш дарыясынын бою Кыргыз кагандыгына баш ийген, кыргыздардын батышка журт которгон топтору Кашкар, Ысыккөл, Талас, Кочкорго чейин жеткен. Муну соңку археол. табылгалар, ил. иликтөөлөр да тастыктайт.

Ушул мезгилде Кыргыз кагандыгы Азиядагы күч-кубаттуу жана ири мамл-ке айланган. Өтө зор аймакты кармап туруу үчүн чарбалык-экон. өбөлгөлөр, саясий күчтүү бийлик болбогондуктан, мамлекет бытыранды боло баштаган, айрым аймактарда кыргыздар таптакыр азчылыкты түзүп калышкан. 10-к-да Кыргыз кагандыгына Түштүк Сибирь, Алтай, Түндүк-Батыш Моңголия гана баш ийип калган. Чыгыш Түркстанда, Теңиртоодо калган кыргыздар карлуктардын, кийинчерээк Караханийлер мамл-нин, Турпанда Уйгур Идикутунун, Жуңгарияда көчмөн түрк уруулар 135 бирикмелеринин курамына киришкен. 11–12-к-да кыргыздардын ээлигинде Саян-Алтай аймагы гана калган. Енисейдеги кыргыздар менен Теңиртоо багытындагы кыргыздардын байланышын, наймандардын андан соң кара кытай (кара кидан) чабуулдары биротоло ажыратып салган. 1207-ж. Чыңгыз хандын тун уулу Жучу Енисейдеги Кыргыз кагандыгына багыт алганда кыргыз башкаруучулары (иналдары) өздөрүнүн вассал экендиктерин билдиришкен. 1218-ж. тумат-кыргыз көтөрүлүшү басылгандан соң, К.к. жоюлган. Изилдөөчүлөрдүн далилдөө- лөрү б-ча, Кыргыз кагандыгы 360 жыл көз карандысыз мамлекет болгон.

Ой-пикирлер