Кирүү

Жакупбек

Жакупбек
(Бадөөлөт-аталык казы)
Кыргыздан бир канчалык киши Жакупбекке карайбыз деп аракет кылгандыгы көрүнчү. Бир тараптан Кыргызияга чектеш болуп, анда да кыргыздар бар болгон себептен, Жакупбектин ким экендигин тарыхтан1 алган кабарды төмөндө жаздым.
Ташкенге караган Искен кыштагында Латифа деген өзбекти Кокондун ханы Анжиянга караган Кал деген жерге сүрүп жиберген. Анда айдалын жүргөндө Жакупбек туулган. Атасы өлгөн соң Жакупбек ар кайсы чайханада ырдап жүрүп, кийин Азырбекхин аскерине жигит болгон. Кызматы жагып, акылдуу экени көрүнүп, Чыназга улук кылган. Андан Олуя Атага улук кылган, андан Ак Мечитке улук болгон
Анда турганда кербен жолу болгон үчүн бажы жана зекет алып, абдан байыган. Анда Ташкенге чакырылып, баатыр баштыкка бекиген. Мында Коконго хан алдына чакырылып, башка мамлекеттен келген элчилер туруучу үйгө башкаруучу мансабына өткөн. Бир ай турган соң Кожентке бек болгон. Ушул жылы өзбектер (кыпчактын кырган) Кудаяр ханды түшүрүшө далбасалап, Кудаяр кал билип калып, аскер буйруп Жакупбекти Коконго байлап келгенде, түн ичинде байлаган арканды тиштеп чечип, Сырдарыяны кече Букарага качып барып, үч жыл туруп калган. Анда Ташкенге кайра келгенде бир бектин тиленүү боюнча Кудаяр хан күнөөсүн кечкен. Мындан сон үч жылы бекер жүргөн. Ташкенди орус албастан, бир жыл мурун 1863-жылы 500 аскерге Кудаяр хан баштык кылган. Мындан соң кыргыз кыпчак Алымкул Кашкар элинин пейилин өзүнө тартмак үчүн Кашкарга жиберген. Ал жакта Кашкардын ханы Үрүмчүдөн буйрулган Дооту ахун деген дунган болгон. Үч айдан соң Дооту ахун Үрүмчүгө кетип, бул пурсаттан пайдаланып Жакупбек Кашкардагы Дооту ахун өкмөтүн жоготкон. Дооту ахун кайра Кашкарга келгенде аскери аз болгондуктан Жакупбек Кашкардын чебинде камалганда Кокон бегинен Мухаммед эми келип куткарган. Ал кезде Ташкен оруска карап, Алымкулдун жыгылган чагы болгон.

Жакупбек

Ой-пикирлер