Кирүү

Акдөбө шаар чалдыбары

Акдөбө шаар чалдыбары – 9–12-кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Москва районунун Степинское айылынын түндүк тарабында Аксуу жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал аскер жана админ. маанидеги шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Аксуунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын уз. 15 км, бийиктиги 3–3,5 м, туурасы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыктагы казылган аңгектер жана жал тосмолору менен бекемделген. Акдөбө шаар чалдыбарынын борб. бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак-жайлар жайгашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А.Н. Бернштам, Н.П. Кожемяко жана башкалар тарабынан изилденген.

Ой-пикирлер