Кирүү

Байыркы чуст металл өндүрүшү

Байыркы чуст металл өндүрүшү. Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын 31 Тентексай, Капыррават, Төөмоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түштүк этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди алып келишкен. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст жана Дальверзин эстеликтеринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлаг, татаал түзүлүш- төгү кооздуктарды куюш үчүн даярдалган таш калып табылган.Чуст маданиятына таандык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. ошондой эле калай, мышьяк кошулган буюмдар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьманын кошундусунан даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек (орок, көзөөч, бычак жана башкалар), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жаргылчактар, кенди майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, о.эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылмалоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чокмордун башы катары колдонулуучу таштар табылган.

Ой-пикирлер