Кирүү

Палеолит доору

Турактын ортосунда очок жайгашкан. Төмөнкү жана жогорку палеолитти бөлүп турган негизги белги катары адамдардын үйүрүнөн уруулук жамаатка өтүп, энелик укуктун пайда болушу саналат. Евразияда табылган жогорку палеолит мезгилиндеги чоподон, сөөктөн, мамонттун азуусунан жасалган аял келбеттүү скульптураларды, таш гравюраларды энелик укук менен байланыштырышат. Алгачкы адамдардын идеологиялык көзкарашында ири өзгөрүүлөр болуп өткөн. Кээ бир эстеликтерден денени, куралды боёй турган кызыл, кара минералдык боёктор кездешет. Мисалы, 1959-жылы Башкырстандагы Каповая үңкүрүнөн жошо менен тартылган 7 мамонттун, 2 аттын жана носорогдун сүрөтү табылган. Диний ишенимде зор өзгөрүүлөр жүргөн. Анимизмдин ка-лыптанышы баамдалат. Бул ишеним сөөктү көмүүдө ачык көрүнөт. Мисалы, адамдардын атайын бүрүштүрүлүп көмүлгөн сөөктөрү, үстүнө жошо себилген, жанына куралдар коюлган сөөктөр кездешет.

Болжолу жошону адамдын каны катары символдоштурса керек. Кээ бир жаныбарларды адамзаттын же айрым уруулардын түпкү теги катары кабыл алып аларга сыйынуунун (тотемизмдин) пайда болгондугун археол. табылгалар толук далилдейт. Мис., тумар катары айрым жаныбарлардын сөөктөн жасалган келбетин тагынып жүрүшкөн. Орто Азияда Палеолит дооруна тиешелүү эстеликтер Кожогор (Ходжа-Гор), Янгаджа, Самаркан турагы, 185 Каракамар, Кулбулак, Тосор, Капчыгай, Селүңкүр жана башка Кетментөбө өрөөнүндөгү Сарыгата, Өзгөрүш, Ничкесай жергелеринен М. Б. Юнусалиев биздин заманга чейин 20–25 миң жылдыктарга тиешелүү кыргыч сымал куралдарды, тешкичтерди, ну-клеустан жасалган жаракаларды, Кочкор өрөөнүнүн Калмакташ жергесинен К. Табалдиев, А. Бараталиев нуклеус сымал артефакттарды жана такталар табышкан.

Ой-пикирлер