Кирүү

Кытай кыргызы

Кытай кыргызы


Биздин эрадан нечен кылым мурун Синцизианда (күнбатыш Кытайда) Котон шаарынын тоолорунда булу деген кыргыздар турган. Бул кыргыздар саясы жагынан жакшы алга жеткен. Кытай падышалары менен катышып туруп, биздин эранын III кылымдарында Тянь Шангэ азыркы Турпан шаарынын ченине келип турган. Энисей кыргызы зор мамлекет курап турган чагында X кылымда азыркы Кытайга караган Аксуу, Турпан шаарлары кыргыздын кол алдында болгон. Бул кабарга караганда X кылымда анда кыргыз барлыгы билинет. XV кылымдын башында Ысык-Көлдөгү кыргыз ханы Мухамбеткайдар заманында кыргыздар чабылып, чачылып, колго түшүп, бир далай кыргызды Моголстандын хандары Аксуу, Турпан,
Куча, Карашаарга алып барып тараткан. Андан кайтадан Ысык Көлгө чачырап келгени дагы болгон. 1744-жылында Иле боюнан кыпчак кыргыздары калмактан сыгылып, Куча шаарын басып (Кучанйн тоосунда Кыргыз Арт деген асканын бооруна жыгач төшөп, казып жол кылган ашуу бар. 1916-жылында өз көзүм менен көрдүм). Котон шаарынын күн жүрүш жагына өткөн. Куча, Сая шаарларындагы уйгур карыяларынын айтуунда 200-жыл чамалуу болду. Тарым дарыясын кечип, Котон дарыясын бойлоп, Котонго бет ала көп кыргыз көчүп кеткен. Бул кыргыздар Тарым дарыясын Сая шаарынын тушунан кечкен. Ушул себептен ал кечүүнү бул күнгө жете уйгурлар Кыргыз Кечүү дейт. Азыр да Котон шаары менен Яркен шаарынын арасындагы тоолордо: тейит, кесек, кыпчак деген кыргыз уруулары бар. Кыпчакты тору айгыр кыпчак деп дагы айтат. Бул көчүп барган кыпчак кыргыздарды кайта көчүрүп бергин деп, калмактын ханы Дабачы 1750-жылында Кашкардын ханына айтса, макул албаган. 1864-жылында Колпаковский жандыралы Ысык Көлгө келгенде Кытайга карагаа черик кыргызынын манабы Турдукеден кат алып, орус карайбыз деп, эки киши келгенде азыркы кезде кар түшүп, бел бекилип калды, Кашкарга аскер жиберүү мүмкүн эмес деп жооп берген. Азыркы Монголияда нече миң түтүн кыргыз барлыгы 1916-жылы Кытайга качып барганында билинди. Бирок алардын анык турган жери канчалык экендигинен толук кабар алуу мүмкүн болбоду. 1916-жылы Кытайга баргандагы алган кабарына караганда анык көргөн, барып келген, кире тарткан соодагер кашкарлыктын айтуунда Тибетте эң азында 30—40 миң чамалуу түтүн кыргыз бар. Тили бузулбаган, таза, араб сөздү катыштырбаган, дини калмакча, мусулманча бата кылбастан, өзүнчө бата кылат. Турган жери Котон шаарынын күн чыгыш жагы, Сунжу менен Черчен шаарларын күн жүрүш жаккы тоолорунда турат. Чарба малга өтө бай, жаа тартканга өтө уста, бул кабардын чындыгына бир өжөт: "Настольный словарь", "Рабочье издательство", Прибой, Лениздат, 1926, стр. 293. "Тибет".
Айтылган Тибет жериндеги эл монгол, кыргыз, кытай жана индус деген. Күн батыш кытайда менин Эссебимче эн көбүндө көчмөнү 20 миң, отуруктуусу 5 шан чамалуу болуп турган жери Котон тоосунун Сары белинен баштап, Яркен. Кашкар, Марал Башы, Келпин жана Турпан шаарларынын бүткүл тоолорунда турат, Уруктары тейит. найман, кесек, кыпчак, карабагыш, чоңбагыш жана черик. Бул эсептен тышкары Иле боюнда мик түтүн чамадуу бугу, саяк кыргыздары бар. Кыштак болгондору: кушчу, саруу мундуз, нойгут ж. б. Шая өлкөсүндө кыштак болгон кыргыздар өздөрүнүн кайсыл уруктан экенин билбейт. Билгени эле кыргызбыз дейт. Бай айландыгына караган Карабек жана ошол чөлкөмдөгү уйгурларды бүткүл кыргыз деп айтууга мүмкүн. Алар өздөрүнчө дагы кыргызбыз дешет.

Ой-пикирлер