Кирүү

Күмбөз

Күмбөз (ар. күб-бае – көмкөрүлгөн чатырча, фарс. гомбед – көмкөрүлгөн асман) – маркумга арнап тургузулган эстелик. Ахитектуралык формасы боюнча орто кылымдагы мусулман диний курулуштары болгон мечит, медресени элестетет. Кийин Орто Азиядагы мусулман калктарынын улуттук архитектурасынын бир тармагына айланган. Манастын Күмбөззү (14-к). 18–20-кылымдын башында бышырылбаган кыштан курулган кыргыз Күмбөзнүн саны арбыган. Алардын белгилүүлөрү – Тайлак менен Атантай, Жаркынбай, Байтик, Ногой, Кыркчоро, Төрөгелди, Балчак Күмбөздөрү. Айрым Күмбөздүн ички бети сүрөт, оюулар менен кооздолгон. Алайда топоз куйругу байланган шырык менен, ЫсыКүмбөзкөлдө бугунун мүйүзү менен кооздолгон учурлар арбын кездешет. Ар бир белгилүү Күмбөздүн кышы эчкинин кылы, малдын майы аралаштырылып жасалган деген имиштер менен коштолот. Күмбөздөр боюнча тарыхый изилдөөлөрдө кыргыз Күмбөзнүн 73 түрү катталып, аларды өз ара 14 типке бөлүп карашкан.

Ой-пикирлер