Кирүү

Богра Хан

Богра-хан—түрктөрдүн илек-хандар сулалесинин же Караханилердин1954 (Орто Азиядагы) көпчүлүк өкүмдарларынын титулу. Алардын эң белгилүүлөрү төмөнкүлөр:

1. Бул сулаленин мүчөлөрунөн биринчи Сатук Богра-хан Абд ал-Керим, маалыматтарга караганда мусулман динин кабыл алган жана аны өз мамлекетинде тараткан. Ибн ал-Асир (изд. Торнберга, 11, 54) аны Сатук (Шабуктун ордуна ушундайча окуш керек) Кара-хакан деп атайт. Эгер, Ибн ал-Асирдин көп сандаган түрк элинин 349/960-ж. мусулман динин кабыл алышы жөнүндөгү аңгемесинин (изд. Торнберга, 9, 396) бул мамлекеттин букараларына тиешеси жок болсо, анда дегеле анын башкаруусу тууралуу да, мусулман динин кабыл алышы жөнүндө да эч кандай анык маалыматтар жок. Жемал Каршинин маалыматына ылайык (кара: Батрольд, Туркестан, ч. I, стр. 130 и сл.) ал 344/ 955-56-ж. эле өлгөн; анын Артуждагы (азыр Артыш) күмбөзү азыр да эл сыйынган зыярат жай. Анын, Тазкирайи Богра-хан аталган жана Ф. Гренар иштеп чыккан (La legende) таржымалы уламыш экендиги талашсыз. Бул уламыштын айрым жерлери бизге келип жеткен эң байыркы даректерде эле, Жемал Каршиде кездешет, калгандары кийинчерээк кошумчаланган; бул уламыштардын негизин кайсы бир тарыхый фактылар түзөбү, аныктоо мүмкүн эмес.

2. Богра-хан Харун б. Муса (Ибн ал-Асирде, изд. Торнберга, 9, 68: Харун б. Сулейман)1955, алдыда айтылгандын небереси, бул сулаленин ичинен Мавераннахрдын алгачкы каратып алуучусу. Саманилер мамлекетинин күч-кубаты Нух б. Мансурдун (365—387/977—999) тушунда ички коогалаңдардан улам начарлаган; жеңип алуучу 380/990-ж. өзүнүн борбору Баласагундан (кара: Еl, I, S. 639) Саманилер мамлекетинин түндүк-чыгыш чек арасындагы Ис-фижабга (азыр Сайрам, Чымкентке жакын) келгенде ал эч бир жерде көңүл бурарлык каршылыкка деле учураган эмес; ал тургай, Саманилерге кас ак сөөктөр түрктөрдү өздөрү чакыргандыгы айтылат. Хижранын 382-жылынын I раби"синде эле (892-ж. 7-май—5-июнь) Богра-хан Саманилердин борбору Бухарага кире алган, бирок мындан көп өтпөй эле жемишти өтө көп жеп алып катуу ооруп калган жана каратып алган өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылдын II жумадасында шаршембиде (17-августта) Нух өзүнүн байтактысына кайтат; Богра-хан Кашкарга бараткан жолдо Кочкор-Башы деген жерде өлгөн, ал азыр да Кочкор деп аталат, Чүйдүн башатынан анча алыс эмес жерде болсо керек. Башкы дарек катары пайдаланган Утбинин Та"рйх-и Йатйнй эмгегинен так маалымат таппаган Ибн ал-Асир (изд. Торнберга, 9, 68 и сл.) Богра-хандын Бухараны каратып алышын 388/993-94-жылга гана таандык кылат, бирок мындай ырастоону Гардизи (кара: Бартольд, Туркестан, ч. I, стр. 12) менен Бейхакинин (изд. Морлея, 234) бири-бирине дал келген баяндар талашсыз төгүндөйт.

3. Богра-хан Мухаммед б. Юсуф алдыда айтылгандын небереси, Кашкарды бийлеген өз атасы Кадыр-хан Юсуфтун көзү тирүүсүндө ал Яган-тегин 1956 титулун алып жүргөн; 423/1032-ж. атасы өлүп, агасы Арслан-хан Сулейман такка отургандан кийин Богра-хан титулун алган жана анын энчисине Тараз (азыркы Олуя-Ата)1957 менен Исфижаб аймагы берилген. Ханзаада катары да, башкаруучу катары да ал Газневилер менен карым-катнашта болуп, алардын жардамы менен өзүнүн душманы Али-Тегинди (кара: Бартольд, Соч.,т. II (2), стр. 491) кууп чыгарууга аракет кылган, бирок бул планды ишке ашыра алган эмес; ханзаада Махмуддун тушунда эле 416/1025-ж. Балхка колуктусуна өзү келгенине карабастан Султан Махмуддун кызы жана Султан Мас"уддун карындашы Зейнабга үйлөнө албай калган (салыштыр: Бейхаки, изд. Морлея, 655 и сл). Мас"уддун тушунда никелешүү дагы кийинкиге калтырылгандыктан, Богра-хан селжуктар менен ымалалашып, Газневилердин да, ошондой эле жатындашы Арслан-хандын да душманы болуп калган; ошентсе да Ма"суд жиберген имам Абу Садик Тебани Газнадан 428-ж. бейшембиде 7 зу-л-ка"дада/1037-ж. 23-августта чыгып, түрктөр жергесинде 1,5 жыл жүргөн, Богра-ханды эпке келтирип, аны бир тууганы менен жараштыра алган. Ошол жылдары Богра-хандын ысмы түшүрүлгөн тыйындар Мавераннахрдын өзүндө чыгарылган, бул анын бийлиги ошол жерде да таанылган деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Ибн ал-Асирдин маалыматына ылайык (изд. Торнберга, 9, 358) ал 436/ 1044-45-ж. Мавераннахрдагы шиит кыймылын кан жуткурган каардуулук менен баскан1958. Ошол кезде шиит үгүтчүлөрү өлкөдө Фатими Мустансирди (427— 487/1036—1094) жактоого ийгиликтүү үгүттөп жатышкан; Богра-хандын өзү аларды алдаш үчүн гана кайырдиндерди колдогон; алар хандын көзү түздүгүнүн аркасында өздөрүн коопсуз сезип калышканда, күтүлбөгөн жерден эле бардык кайырдиндерди борбордо да, элет жерлеринде да кырууга буйрук берилген. Ибн ал-Асирдин айтуусу боюнча (изд. Торнберга, 9, 211) Богра-хан 439/1047-48-ж. чейин гана жашаган, бирок Бейхаки боюнча (изд. Морлея 230) ал 449/1057-58-жылга чейин жашаган. Бейхаки ага замандаш болгондуктан бул маалымат кыйла ишенимдүү. Эки маалымат боюнча тең (Тар"йх-и Бейхакй-нин кол жазмасынын текстинин ушул жери, 1307/1889-90-ж. персиялык литографиялык басылмасында туура белгиленгендей, 193-бет, бузулгандыгы талашсыз) ал өлөрүнө жакын бир тууганы Арслан-ханды кууп чыккан жана анын мамлекетин ээлеп алган. Ибн ал-Асир боюнча Богра-ханды өз аялы уу берип өлтүргөн, ал анын түрмөдөгү агасын да муунтуп өлтүрүүгө буйрук берген.

4. Богра-хан Кашкардын башкаруучусу, ага баласагундук Юсуф хас-хажиб өзү 462/1069-70-ж. жазган насаат дастаны Кутадгу биликти арнаган. Ал Богра-хан Харун болушу мүмкүн, Ибн ал-Асирге караганда (изд. Торнберга, 9, 212 и сл.) алдыда айтылгандын бир тууганы1959. Бул Богра-хан 16 жыл бою бир тууганы Тогрул-Кара-хакан менен бирге, кийин 29 жыл жалгыз өзү, Кашкарды, Хотанды жана Баласагунду бийлеп тургандыгы айтылат; ал 496/1102-03-ж. өлгөндүгү эскерилет. Мындай болгондо Ибн ал-Асирдин маалыматындагы (изд. Торнберга, 10, 112 и сл.) 482/1089-ж. султан Меликшахка моюн сунган "Кашкар ханы" жөнүндөгү кабар ушул ханга тиешелүү болуш керек; ошол эле жерде бул хан, анын бир тууганы Я"куб-тегин (Ат-Башынын башкаруучусу) жана дагы бир өкүмдар—Тогрулдун ортосундагы күрөш жөнүндө да айтылат, бирок бул күрөштүн акыры эмне менен бүткөндүгү жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Ой-пикирлер