Кирүү

Али Тегин

Али-тегин, Трансоксаниянын (Мавераннахр) илек-хандар сулалесинен чыккан башкаруучусу. Анын бул сулаледен чыккан башка өкүмдарлар менен генеологиялык байланышы жөнүндө кыйла тагыраак маалыматтар жок: Ибн ал-Асирдин маалыматына караганда (изд. Торнберга, 9, 323), аны Мавераннахрды каратып алуучунун Наср б. Али) бир тууганы катары кароого болоор эле, бирок бул маалыматты (кыязы, бул кийинки божомол) төгүнгө чыгарууга туура келет. Али деген ысым ал кездин тыйындарынын биринде да кездешпейт, бирок тыйындарда Али б. Хусейн деген ысым кездешет, кыязы, ал жазма даректердеги Али-тегинге туура келиши мүмкүн (салыштыр: Howorth, The Northern Frontagers, рt 9, р. 485 sq.)1942 Биз анын бийликке качан жана кандайча келгендиги жөнүндө жарытылуу эч нерсе билбейбиз. Бейхаки (изд. Морлея, 418) везир Абу-л-Хасан Мейменди 428/1031-ж.

Али-тегиндин Мавераннахрда турганына отуз жыл болуп калгандыгын айткан деп жазат. 416/1025-ж. Али-тегинге бир эле учурда газналык Махмуддан жана кашкарлык күч-кубаттуу Кадыр-хан дан коргонууга туура келген; өнөктөштөрдүн аскерлери Самарканга жакын жерде биригишкен; Али-тегин өзүнүн борборлору Самаркан менен Бухараны таштап, талаа түзгө качууга аргасыз болгон; куугун учурунда анын аялы менен кызы душмандын колуна түшүп калган (бул жөнүндө толугураак Гардизи, кембрид-ж. рук., л. 123 и сл.; оксфорд. рук., л. 163, В. Бартольддо келтирилген, Туркестан, ч. I, стр. 14—17; Махмуддун Кадыр-хан менен кездешүүсү Бейхакиде кыскача айтылат, изд. Морлея, 98 и 655).

Ошентсе да көп өтпөй Махмуд менен анын өнөктөшү өлкөнү таштап кетип, Али-тегин өз бийлигин сактап кала алган. 423/1032-ж. хорезмшах Алтунташ Султан Мас"уддун тапшыруусу боюнча аскери менен Бухарага жакындап келип, шаарды басып алган, бирок Дабусиянын алдындагы салгылашта өлөрчө жарадар болгон, мына ошондон кийин анын вазири Али-тегин менен келишим түзүүгө жана аскерин Хорезмге алып кетүүгө мажбур болгон (Бейхаки, изд. Морлея, 424 и сл.). Али-тегин, кыязы, хижранын 425-жылынын аягында же 426-жылынын башында өлгөн (1034жылдын күзү). 425-ж. зулка"дада/1034-ж. октябрдын башында Мас"уд Хорасандан алган кабарда Али-тегин али тирүү падыша катары эскерилет (Бейхаки, изд. Морлея, 535); 426жылдын I раби"синин ортосунда/ 1035-ж. январдын аягында анын өлүмү жөнүндөгү кабар Нишапурда каңшаар катары тараган (ошондо эле, 551); ошол эле жылдын II жумадасынын башында / апрелдин гана, ошол кезде Табаристанда болгон султан Мас"уд Али-тегин өлүп, анын ордун уулу басканы жөнүндө Балхтан анык кабар алган (ошондо эле, 575). Бирок ошол эле Бейхаки башка бир жерде (856) селжуктардын Мавераннахрдан кетишин 425/1034-ж. күзүндөгү эле Али-тегиндин өлүмүнөн кийинки окуялардын натыйжасы катары карайт.

Ой-пикирлер