Кирүү

Адилдин орустан өлгөнү

Сарбагыш кыргызынан атактуу кан ичер манаптын бири Адил болгон. Жаш кезинен баатырлык кылып, бугу, сарбагыш согушунда Төрөгелдиге токоол болуп элге кайрат берип, бугу Мырзаны согушта өлтүрүп башын кесип байланган. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабактын кунун кубалап, Турпанга барып эл чаап, көп мал, төө алып кайткан. Өкмөт орустун колуна өтүп, баштагыдай кедейди эзе албай, олжосунан калган соң Балбай Маймыл менен астыртан сөз жасап, үчөө үч урук- эл солто, сарбагыш, бугуну бузуп, бул кеңешке Шабдан жана кокондуктан Мамыр дагы кирип, оруска бузуш салмакчы болуп, эгерде жеңилсек, Кашкардагы Жакыпбекке же кокондукка карап кетели деп Кеңешип жүргөндө Адилдин Семетей деген жигити улукка айтып койгондо падыша өкмөтү кармап, 1875-жылында Алматага алпарып набактыда бир канчалык жаткан соң уу берип өлтүргөн.

Ой-пикирлер