Кирүү

Усун мамлекети

Усун мамлекети. Кытай жазма булактары боюнча Биздин заманга чейин 3-кылым усундар Эдзин Гол жана Циляньшандын ортосунда, б.а. азыркы Лянчжоу аймагында жашаган. Усундардын 2-бөлүгү Дунухуандын чыгышындагы жерлерде орун алган. Биздин заманга чейин 178-ж. усундар юэчжилер тарабынан кый-роого учураган. Алардын бир бөлүгү Моңголияга, 2-бөлүгү хунндардын арасына качышкан. 20 жыл бою усундар коңшу аймактарды басып алуу жана усундук союздун аймактарын кеңейтүү үчүн согуштарды жүр-гүзүшкөн. Бул мезгилде усундардын салт-тык турмушу калыптанып, күнбактын күчтүү бийлиги пайда болот. Биздин заманга чейин 2-кылымдын ортосунда юэчжилерди талкалап, Грек-Бактрия падышалыгын, Жетисууну жана Чыгыш Түркстандын бир бөлүгүн багындышкан. Тарыхый жазма маалыматтар боюнча ошол мезгилде усундар Усунго (Усун мамлекети), Син-го (көчмөн малекет) же Бу-цзусу (уруулук союз) мамл. бирикмесин түзүшкөн. Усун мамлекети батышынан Чүй–Талас дарыялары, чыгышынан Теңиртоо кыркалары, түндүгүнөн Балкаш көлү жана түштүгүнөн Чыгыш Түркстандын дыйканчылык оазистери менен чектешкен.

Мамлекеттин ордосу Ысыккөлдүн Түштүк тарабындагы Чигу шаарында жайгашкан. Усун мамлекетинин калкынын саны 630 миңдей, о. эле 180 миңден ашуун аскери болгон. Ба-йыркы кытай даректери боюнча Усун мамлекети батыш аймактагылардын ичинде эң кубаттуусу болгон. Усун мамлекетин Хан империясы менен тышкы саясий байланыштары болгон. Алар биргелешип, түндүк хунн уюмун талкалашып, Каңгүй хандыгы жана Дабан мамл. менен аскердик жана тышкы саясий мамилелерди түзүшкөн. Усундардын чарбасынын негизин мал чарбачылыгы түзгөн. Дыйканчылык кошумча мааниге ээ болгон. Усундардын кол өнөрчүлүгү жакшы өнүгүп, кайыштан, темирден, жыгачтан буюмдарды, чоподон карапа идиштерин жасашкан. Отурукташкан дыйкандар, башка өлкөлөр менен болгон соода-сатык мамилелери алардын чарбалык турмушуна бир катар өзгөрүүлөрдү киргизген. Усун мамлекетин күнбак башкарып, ага башкы министр, оң, сол жардамчылар баш ийген. Эреже боюнча алар күнбактын туугандары же аскердик жана катардагы адамдардан болушкан. Админ. жагынан Усун мамлекети 3кө бөлүнгөн: сол (чыгыш), оң (батыш) жана борбордук. Борбордук бөлүк күнбакка баш ийген. Ар бир бөлүктүн 10 миң колдон турган туруктуу аскери болгон. 6-кылымда түрктөр усундарды багындырып, алардын аймактары Батыш Түрк кагандыгына кирген.

Ой-пикирлер



2020-12-13
Нарсулуу
Жакшы бардык маалыматтар бар