Кирүү

Атилла жөнүндө чыгармалар

Кыргыз кырк урулуу эл эмеспи. Ошентсе да, унндардын кыргыз экенин дүйнөлүк тарыхта алгач ирет айткан адам улуу француз акыны Пьер Жан Беранже (1780-1857-жылы) болгон. Анын атактуу "Кыргыз ыры" 150 жыл мурда жарык көргөн. Анда кыргыздар тарыхый гунндардын өз тукуму экендигин дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу ачык айтат. К.Маркс анын чыгармачылыгын өтө жогору баалап Беренжени "дүйнөлүк маданияттын өлбөс-өчпөс тулгасы" деп атаган. "Кыргыз ырын" французчадан орусчага Тухаржевский Иван менен Тухаржевская Мария эркин которгон. Орусчадан кыргызчага Түгөлбай Сыдыкбеков которгон.

Деги эле кыргыз адабият, маданиятынын азаматтары, таланттуулары дүйнөлүк адабиятта Адил жөнүндө жазылган кундуу чыгармаларды кыргызчага которууга мезгил эчак келгенин түшүнүп белсенишсе, ал жөнүндө төл чыгармаларды жазышса сонун иш болор эле. Дүйнөлүк адабиятта Александр Македонскийдин образы чыгыш элдеринин адабиятында кандай кең орун алса, Адил (Атилла) образы да Батыш Европа элдеринин байыркы адабиятынан так ошондой орун алган. Адил А.Македонскийден 776 жыл кийин өмүр сүрсө да анын ысымы Александр Македонский, Юлий Цезардын катарына коюлду. Б.з.ч.36-жылы Оң карылардын мамлекети ыдырагандан кийин АлаТоодогу кыпчак бийлиги аяктап (атактуу Кара Чоро өлүп), бул дөөлөт эми байыркы кыргыздардын даңазалуу чоң бийлерине өткөн. Чапкын күчөп, эл бытыраганда алатоолук байыркы кыргыздардын бир бөлүгү батышка жылып, адегенде Арал, андан кийин Эдил, Жайык арасын мекендеген.

93-жылкы Кытайлардын түндүк (Батыш) хунндарга жасаган ырайымсыз чапкынан (бүткүл элдик азада) тигилерге Алтай менен Ала Тоо аралыгынан качып барган экинчи ири топ кошулган. Ошентип, гунндар Кырым менен Кара Деңиздин түндүк жагындагы жайыттарга чейин жеткен. Адил доору дүйнөлүк тарыхта чоң из калтырды. Оозеки кыргыз элдик "Адил дастан" боюнча: Кырым, Кара Деңиз бойлорун башка тайпалардан бошотуп алган Бала кандан башталып, Уруу уулунун (Ругила) бийликке келиши, анын "Желпиништин оюн" душмандардан кайра тартып алышы, анан Адил баатыр бийликке чоркок өз агасын өлтүрүп, кан көтөрүлүшү, оң карылардын күчөшү, кийин Урумга жасалган "Чоң Казат" жана аны менен болгон согуш, урум аскерлеринин жеңилиши, урумдун кулашы, Адилдин киши колдуу болгон өлүмү менен аяктайт.

Адил Муңдуктун Уруу уул баатырдын кичүү инисинин баласы.Энеси Сары оргу элинин кызы Тумар. Адил баатырдын жети баласы болот: Элбак, Эскалма, Узунтура, Элназар, өтө, Теңдик, Эрнак. Адил өлгөндөн кийин Элбак кан көтөрүлүп, бирок, көп узабай каза болот. Кийин Адилдин ордо башы Эдигенин улуу Ордоке калканга салынып кан көтөрүлөт. Ал Румду чаап, аякта кан шайланат, а Элназар Ордоке менен батыша албай, өзүнө тиешелүү журту менен Эдилге, анан Ала Тоого – төл мекенине кайтып келип, элге кошулганынан кабар берет. Адил баатыр дайыма боз үйдө жашагандыктан отурукташкан бөтөн журт аны "кийиз үй маданияты" жөнүндө түркүн кеп чыгарышып, тымызын шылдыңдашкан. Адилдин кийинки максаты – Кытайды басып алып, Азия менен Европада улуу империя түзүү болгон. Адил баатырдын "Бийликтин тепкичин карай" деген китеби төрөн жазуу (батыштагылар "руно" деп жаңылыш атап келатышат) менен жазылган.

Адил баатыр грек тилин мыкты билген кыргыз болгон. Китебинде "жети токоч баабедин" көмөч бышыруу да маалыматталат. Бул китеп Ватиканда сакталуу. Адилге байланыштуу Гот сөздүгүндө "ага" – атасы боюнча ага, "ава" – энеси боюнча агасы (таяке) делсе, "ата", "ана" ж.б. миңдеген сөздөрдүн чечмеленгени кыргыз-кыпчактын тарыхын дагы бир жолу далилдейт. Моисей Каганкатваци, ленинграддык илимпоз Лилия Юсуфжановна Тугушева Адилдин тушунда кыпчак-кыргыздарда адабий тил болгондугун далилдейт. Б.з.ч. 165-жылы кыргыз кыпчактар Теңири сүрөөлөрүн топтоп алган жана жараткан (М.Магомедов и профессор МГУ Ф.Иванов "Религия гуннов"). Көкө Теңирден сырткары кыргыз кыпчактар Умай энени ыйык туткан. Ал аялзатынын жердеги башталышын негиздеген.

Венгриянын Куман аймагында кыргыз-кыпчактын мундуз, дөөлөс, тору айгыр, катаган, каба, каракесек, багыш, каңлы, черик, чубак, ак буура, баргы, аз, арык, найман ж.б. уруулары Адил династиясынан калгандар. "үлкөн Эдил" поэмасынын автору Карлыгачты кыргыз дешет (А. Бушков. "Атилла" – Серия досье. 1997.). Прискинин маалыматы боюнча: Адилдин моюну жоон, башы чоң, эки ийини кең, көзү кичине, жүзү кара тору, сакалы кичине, буту кыска болуп өзүн "Теңир кылычы" атаган. Адилдин жакын санаалаш кыргыз кыпчактары булар: Ойбас – кыпчак, Актар – кароол башчы, Эдакан – Едигей – насаатчы, кеңешчи, өтөкара – Адилдин шакирти, Баламбир – кыргыз кол башчысы, Адилдин чоросу, Онокос – чоросу, Сыркан – куудул, Иса – чоро, Атабек – жакыны, Берик – чоро, Уар баатыр – чоро, Баянкан – аскер башчысы, Алтын жал – минген аты.

Ой-пикирлер