Кирүү

Cолтонун алматага киши жибергени

Cолтонун алматага киши жибергени

Өзбектер коргондон чыкпай жатып алганда солтонун бүткүл феодал манаптары кеңешип, Рахматулданын жетелеп барган жээрде кашка аргымагын тилла жабдыгы менен жетелетип, Байтик иниси Сатылганды Айтказак деген жигити менен Алматадагы Колпаковскийге "биз оруска карайбыз, келип жардам бериңиз" деп кат жазып, элчиликке киши жиберген. Колпаковский Алматадан 500 аскер менен өзү баш болуп келип, 15 күн урушуп, Коргондун түн жагынан ор кылып казып олтуруп, улам жакындап урушуп турганда орустун аткан замбирегинин огу, өзбектин бир замбиреги бар экен, анын оозуна кептелип калып, уч күн атылбай калган. Үч күндөн соң өзбектер замбирегин оңдоп алып аткан. Акыры орустар жердин алдын казып олтуруп коргондун ичинен жабалактап чыга түшкөндө өзбектер шашканынан "аман-аман" деп багынып калган. Өзбектин мал-мүлк, казынасын солтолор талап алган.
Байтик бир сандык күмүш жамбы алган экен деген кабар бар. Өзбектер жабдыгын оруска бүт өткөрүп берген соң мал-мүлкүнө тийгизбестен, кишилерин өлтүртпөгөн. Байтикке чен берип, уездге помещик кылган. Кийинки 1863-жылында Токмок салынды.
Жылкы тийип, ууру-каракчылык кылып, бечара чарбаны талап күн көрүш манаптардын биринчи кесиби болгондуктан 1864-жылы Шабдан Жантай уулу, Баяке Күнтууган уулу, Ботбай (Өсүк) баштык 40 чамалуу киши Текестеги калмактан жылкы алабыз деп Чүйдүн башы Кичи-Кеминден жүрүп кетип, Көл башындагы бир бугуга барып консо "Калмак жерине нарылап көчүп кетип, бери жагына чыңдап кароол койду, былтыр биз барып чапканда Сүмбөгө кеткен, барганыңар менен майып болуп каласыңар, — дегенде булар Балбайдыкына конот. Балбай булардын жолун кубаттап, жакшы конок кылып, бир кишисин жолбашчылыкка кошуп берип калмакка жиберет. Түн ичинде калмактын кыштагындагы үйгө барып Баяке ондон аша калмакты өлтүрүп, Сүмбөдөгү калмактын чоң жез казанын талкалап, түн ичинде калың жылкыны алып кайта жүргөндө, көп калмак куба чыгып, кыргыздар урушуп жеңип, жылкысын алып кеткен. Кайта келе жатып Балбайдыкына жатып, көп олжо берген. Ушу сапарда Балбай менен Шабдан оруска карабас аракетин кылмакка жашырын шерттешкен дейт. 1861-жыл чамасында Таластан жалгыз аттанып чыгып, уурулук кылмак үчүн Баяке Чүйдүн жакасына келсе, бир казактын жалгыз Олуя Атанын беги жиберген орто жашар Ылгалы деген кызды чыркыратып зордук менен алганы жатканда айылды аңдып жүргөн Баяке үстүнөн чыгып, кеңешем деп алдап Ылгалды үч жолдошу менен өлтүрүп, аттонун олжолоп алып казакты түн боюнча Чудан аман-эсен өткөрүп жиберип, кайра тарткан. Өзбектин мындай чекене зулумдугу көп болгон. Алардын баарын жазбастан муну ибарат үчүн гана жаздым.

Cолтонун алматага киши жибергени

Ой-пикирлер