Кыргыз элинин калыптанышы

Ар кандай уруулар, этникалык топтор менен байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын өз ара алакада болуп, аралашуусунун натыйжасында Теңир Тоодогу түркий эл катары калыптануу процесси болду. Бул процесс орто кылымдары Энесай, Обь дарыяларынын алабынан жана Алтайдан Теңир Тоого чейинки аймактарда көптөгөн ар кыл саясий окуяларды камтып, 3 этапта өткөн. Биринчи этабы байыркы доорлордон белгилүү кыргыздардын 6—9к. Энесайдагы Кыргыздардын этникалык өзөгүн 9-13кылымда Түштүк Сибирден Борбордук Азия аркылуу Теңир Тоого журт которуп көчүп келген Энесай кыргыздары, ошондой эле Батыш Түрк, Түргөш, Карлуу, Каракандар, Кара кытайлар кагандыктарынын тушунда Теңир Тоо аймагында жашаган жергиликтүү көчмөн түрк элдери түзгөн; аларга иран, моңгол ж. б. тилдерде сүйлөгөн элдердин айрым топтору аралашып сиңип кеткен.

16-кылымга чейин кыргыз эли негизинен оң канат, сол канат, ичкилик болуп үч топко жиктелип, Теңир Тоодогу башка элдерден айырмаланган өзүнчө эл катары калыптанган. 16-17-кылымда кыргыз элине Теңир Тоодогу кыргызча сүйлөгөн ичкилик уруусунун көчмөн могол урууларынан(кыргыздын моңолдор уруусунун ата-бабалары) тышкары айрым өзбек, казак жана ногой уруулары кошулган. 17-18-кылымда Сибирь кыргыздарынын айрым топторун ойроттор Жунгарияга зордоп көчүрүп кеткен. Алардын бир бөлүгү Энесайга кайтып, бир катар бөлүктөрү алтайлыктарга казактарга, кыргыздарга аралашып кетишкен; чакан бөлүгү Чыгыш Түркстандагы калмак-кыргыздар (Тарбагатай кыргыздары) тобун түзгөн. Кыргыздар 16-кылымга чейин эле эл катары калыптанып бүткөнү менен кийинки доордо деле жаңы этникалык топторду өздөрүнө сиңирип алып турган. 19-кылымда аларга сарт-калмак этностук тобу кошулган.

Дагы сунуштайбыз