Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
Тынайдан Дүр, Сооромбай мурунтан көтөрүлүш кылды деген кыргыздарга сөзүн кошуп келсе да көтөрүлүш чыккан кезде Токмокто болуп аны улуктар тышка чыгарбастан мейман туткун кылып турган. Дүрдүн улукка берген жообу:
"Мени 400—500 түтүнүм бар, башкаларынын эсебин алалбаймын" деп 400 түтүн урушпасын деп киши жиберип турган; калган тынай эли Шамшы, Бурана элдериие кошулуп көтөрүлүш чыгарган. Кызыл Суу Талдыбулактагы тынай эли сарбагыш элине кошулуп, "Талдыбулак орусун жана башка жерди талап алган.
Келдик уругунан Төлө калын аскер Токмок уюгуна жалгыз ат коюп барып, найза менен сайарда аны жүзбашы дунган найза менен сайып өлтүргөн. арты-нан айбалтачан барган батыракты кошо өлтүргөн..
Шамшы элинен Мамбеталы, Мураталыны кошпой туруп, Кочкордон Канаат келгенде кошулган. Шамшы элинин Кубат уулу дал болгон болушу биз урушабыз деп катын-баласы менен 7—8 жан эски Токмоктогу орустун жанына келип конгондо мужуктар баарысын өлтүргөн. Токмоктогу мужуктар ичиндеги кыргызды катын-бала, кары чал дебестен кырган. Андагы чала казак Райымбекти баласы менен өлтүргөн. Кыргыздар баштоошуп, түн боюнча жыйылабыз деп урушмак болгондо 700 жөө солдаты, 200 атчан казак-орусту Касымбей Баатайов менен Кудайберген Райымбеков баштап келе жатат деген кабарды алган соң жана атчан аскердин келгенин көрүп кыргыздар бет-бетинен качкан.
Каракоого аскер келгенде аны менен аскер атыш-кан. Келген аскер 200 чамалуу киши болуп, атыш беш күнгө созулуп бир-бирине чабуул кылалбаган. Ушул чакта Жумгалдан бир миң чамалуу киши келип, ичинде Көкөмбай баштык жана Байзактын балдарынан башка Караке чилтен Эшимбек жана Балбак болуп Канаатка кошулган.
Сентябрдын аягында эртең менен Кызарт жактан 200 чамалуу киши көрүнүп, аны кыргыздар биздин кол экен деп турганда алар келип кыргызды ата баштаган. Ошол чакта мурунку урушуп жаткан 200 аскер кыргызга чабуул койгон. Кыргыз эки аскердин ортосундагы аткан окко капталып, Канаат камлычтап айдаса да окко туруштук бере албай качкан. Кабарда Канаат найзачан, атчан качырып кирип, бир аскерди сайып, жеткирбей кайта качып кеткен. 200 аскер Алтын Булактан кайта .көч Караколдон үркүп, казак-орустар көчкө жетип, катын-бала, кары жаштан Каракол, Бучук, Ак белдеги элдин кырылганы болжолу 1200 чамалуу жан болгон.
Бул кыргында солто, сарбагыш баарысы 6000 аша түтүн болгон. Тоо арасына барганда кыргыздар бүгүп туруп, көп жерде найза менен качырып, каптаган аскерди токтоткон. Ат көп өлгөн. Мал, мүлк аскердин колуна көп түшкөн. Аягы Талды Булак, башы Каракол, эки ортодо жаткан өлүктүн көптүгү эсепсиз болгон.
Өлгөндөр катын-бала болуп, эразаматтан аз өлгөн. 30 солдат менен бир төрө кууп келе жатканда болбой уругунан Токтоной, Көбөй дегендер тосуп туруп, төрө орусту өлтүргөндө калганы качып арткы аскерине кошулган Ак Белдин кырына солдат каптап келгенде Жукеш Төлөк уулу төөнү чапкылап атышып, эки солдатты жаралуу кылып, жантай уругунан Саспак деге" бир жигит качырып барып бир солдатты жыга сайганда солдаттар кайта качкан. Эл тоо-тоого бекинип калган соң, Анжияндан Тогуз Торо басып аскер келген соң, кыргызга бүлүк салбасган тынчыткан; мындан соң аскер тарабынан кыргызды өлтүрүш болбогон.
Канаат канчалык жолдошу менен Кытайга качып бара жатып Жалак белге барганда элимди, катын-баламды өрткө таштап, өзүм жанымды ала качып барып оокат кылгандан өлгөнүм артык, не да болсо элимдин ичинде болоюн деп, кайта келип Кочкордун Баш Караколунда жаткан.
Бобров баштык 700 жөө, 200 атчан аскер 3-өктөбүрдө Караколго жетип калган. Элге тийбестен мал мүлкту алып, баш киши бересиңер, калганыңар мал болосуңар дегенде кыргыздар тынчып жай-жайына жатын калган.
Курманды бир баласы менен сурактан соң бошот-кон. Ысак деген баласынын эки колун байлап дарга тартканы алып бара жатканда Ысак чыканагы менен жанындагы орусту түрткөн. Бабров: "Шайтан эмне түртесүң?" — дегенде Ысак алдындагы дарга тартылган кишини көрсөтүп айткан: "Мен жашмын жана болушмун, дарга тартпаңыз, буйруган кызматыңды кылайын", — дегенде бир ногой солдат тилмеч болуп, сөзүн айткан. Ошондо Бобров Ысакка: "Канаатты кармап бересиңби?" — дегенде; Ысак: "Кармап беремин", — деген.
Бобров Ысакты дарга бүтүм кылган кагазды кы-зыл сыя менен каршы-терши тартып өчүрүп, Ысактын колун чечтирип, жаткан жерине алып келип, чай берген. "Сен кокустан качып кетсең", — дегенде Ысак:. "Качпаймын", — деген. Андай болсо атаң кепилге алсын деп Курманга кепилге берген. Ысактын" жаңына аскер кошомун дегенде болбостон аскерсиз өзүм барып кармаймын дегенде Бобров ынаган.
Ысак жигиттери менен Канаатты издеп жүрүп таба албай анын жигити, асык Сагымбекти Канаатты таап бергин өлтүрөмүн деп кыйнаганда Сагымбек айтып берген.- Канаатты Жолколоттун ичинен табалбай калып, эртеңки шүүдүрүм менен изин кубалап барып Сууктан таап, Ысак болгон окуянын баарын рас жеринен айтып: "Мен сизди таап беремин деп атам. Курманды кепилге койуп келдим, барсаңыз сизди тирүү койот деп ойлобоймун, эгерде качсаңыз кошо качамын, атам Курман өлсө өлсүн", — дегенде Канаат баласы Карынбай менен кеңешип олтуруп барууга макул болгондо Ысак жабдыктарын талка-латып, Канаатты алып жүргөн. Каракоого келгенде Бобров менен Силенконун Нарынга кеткенин угуп, Канаатты артынан алып. жүргөн. Нарынга жакын калганда Сагымбекти калтырып, Канаатты Бобров меиен Силенкого Ысак тапшырган.
Канааттын Ысак деген баласын аскер кармап келип, Улаколдо Ак Терек деген жерде дарга тарткан. Жана башка канчалык киши тартылган.
Канаатты бир канча кишиге кошуп Пишкекке айдап барып, андан, Алматыга набактыга камаган.
1917-жылында Никелей тактан түшөрдүн алдында 57 жашында набакта жатып ооруп өлгөн.
Сөөгүн кийин Кеңеш өкүмөтү орңогондо алган, Канаат узун бойлуу, көп семиз эмес, толук, бети агыш, кандуураак , ээги узунураак, койкөз, чокчороок жээрде сакалы болгон. Өзү өкүм, сөзү ачык, мусулманча окуу, жазуу билген, сөзгө чечен, курч, кайраттуу киши болгон, 1904-жылы ажыга барган.
1860-жылы Канаат аскери менен келип Узунагачта женилип качканда туулган, ошол себептен атын Канаат койгон.
Тынай элинен 500 түтүн Дүргө караштуубуз. Дүр оруста калды. Бизге орус залал кылбайт деп жана келсин деген. Дүрдүн кабары болгон соң, кайта жерине көчүп келгенде Дүргө караштуу элди башка бөлүп алып жана башка тынай элинен ээрчип келгендерди Кызыл Суудагы Егнат деген орус жана Кызыл Суу, Токмок, Покровка, Орловка орустары Көк Жарда 300 чамалуу катын-бала аралаш кыргыздарды өлтүргөн.
Шамшы, тынай, бурана кыргызы Жумгал, Нарын, Кочкорду кыштап калган. Канаат Кочкордо жеңилгенден баштап Курман Лепес уулу, Касымбек Баатай уулунун арааны жүрүп барып кыштап калган. Сарбагыш кыргыздарына зорлук көрсөтүп, мал-мүлкүн көп алган. Ондоп жакшы айгыр аттарын алган. Жаныш элинин казактары кыштабастан кайта көчүп кеткен. Тынай, шамшы, бурана элдери Чүйгө кайта качып келгенде Токмок, Покровка, Биркулактагы мужуктар күн-түн тындырбастан Токмокко айдап, кыргызда баландай малым, акым калган деп элди айоосуз талаган. Үркүндөн, чапкындан чыккан, элдин калган-каткан мал-мүлкүн ала мужуктар аягына чыгып жарды кылып бүткөргөн соң, бул эл 1917-жылы жыл аягында ачарчылыкка дуушар болуп көбү өлгөн.
Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
- Бугу уруусу
- Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу
- Кыргыз элинин тарыхы (1895-1934-жылдар арасы)
- Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия
- Чоңдөбө көрүстөнү