Кирүү

Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу

Солто-Сарыбагыштын урушунан кийин арка кыргызы чындап бир ооз боло албастан, ич араларынан дагы бузукташып, жылкы тийишип жана мал уурдашып турган. Бугу кыргызы аркадагы башка кыргыздан четте турган учүн өзүнчө болгонсуп, Кокон хандыгына тиги кыргызчалык моюн ийбестен, күн чыгышындагы калмак, казак жана кытайга каоаган Какшаалдагы кыргыз жана Турпандагы уйгурдан жылкы тийип алып, бузукташып турган. Таластагы кушчу, саруу, багыш, карабагыш, колпоч кыргыздарынын феодалдары кокондук менен жакындашып, күн чыгышында турган солтолор менен чырдашып, мал уурдашып турган. Жерине солтонун мал барса кармап алып бербестен, бир канчалыкка минип жүрүп берген. Чатагы күчөп, арасы абдан бузулуп, акыры 1840—42-жылдарда солтонун феодалы Жангарач баштык көп киши Таласта Беш Таш деген жерде багыш менен согушкан. Согуш эртеңки койду саап жатканда башталып, биринчи беттешкенде солтолор жапырылып качып калып, ошондо жаш, боз бала Кулжан Жангарач уулу биздин сайдырганыбыз ушул экен деп, жогоруда айтылган Бекинин күлүк кызыл аты менен элге кабар берейин деп, атынын оозун коё берип, чуу деп жүрүп кеткен. Жолдо солтонун артынан бара жаткан 15 солто жигиттер көрүп, "бул эмне шашып чапкан киши— элби, жообу, кабар алалы" деп, туурасынан чаап келишип жете албай калган. Кулжандын атынын чуркаганы учкан куштай болуп, анда-мында бир тийип, учкан ылачындай зыпылдап бара жаткан үчүн жакын жерден качырып чыкса да тааный албастан калган. Кечки койду саап жатканда Сокулуктун Жыламышындагы айылга кабар берген. Солтолор түн боюнча жүрүп, эртеси бешимде Таластын кырында көп мал алып, чаап кайтып келе жаткан солтонун колуна жолуккан. Тыянагында биринчи беттешкенде солтолор кайта качса да таластык жеңилип качкан соң көп мал алып кайткан.

Ой-пикирлер