Кирүү

Кыргызияда түрктөр

Кыргызияда түрктөр

VI кылымда Орто Азияга көчмөн мамлекет курулду. Булар Алтайдан чыккан түрктөр болуп, Чоң деңизден Кара дайрага жете ээлеген. Мамлекет кураган каган Туман (Элхан) 553-жылында өлүп, ордуна 581-жылында өлгөн Тобо кахан болуп турган чакта мамлекет Күн чыгыш, Күн батыш деп экиге бөлүнгөн. Күн батыштагысынын борбору мурунку усун турган жер, Түндүк Кыргызияда болгон. Ал кезде Кыргызияга күн батыштан жана Кытайдан бул келип турган. Бирок он жылдап Ферганада бузук болгондуктан, Фергана, Кашкар жолу калып, жолоочулар Самаркандан чыгып, түн жак жол менен Ташкен, Олуя Атаны басып, Чүй өзөнүн жээктеп, Ысык Көлдүн күн жаккы жээги менен жүрүп, Бедел аша Ак Сууга барган. Бул жолду буддулардын VII кылымдагы ажосу Суан Цан (Кытайдын тан династиясынын тарыхында) көроөткөн. Кытай маршрутунда Жети Суу, түн жак Кыргызия менен жүргөн жолду анык көрсөтпөсө да, анык далилдерге караганда, VII кылымда Чүй өзөнүндө маданияты болгон. Бул маданиятты маданияттуу облусттар Аму дарыя, Сыр дарыядан алып келген. Кийинки заманда Кокондон (Фергана) алган сыяктуу. Суан Пан өткөндө Аму дарыя, Сыр дарыя, Чүй өрөндөрүндө маданияты бирдей, элинин тили жана кийими, жазуусу дагы бирдей болгон. Жазуу тамгасы (балким Сирияныкындай болоор) 32 болгон. Жогорудан төмён жазган. Тарых китептери болгон, көбүнчө жайылган дини маныхайлык болсо керек. Эли чоктук чачын төбөсүнө ачык коюп, чачын өрүп койгон. Кээ бири чачын алып, маңдайын жибек жоолук менен орогон. Элинин жартысы дыйканчылык, жартысы соодачылык менен кесип кылган. Борбор шаары Чүй өзөнүндөгү Суяб шаары болгон. Ал шаар Каштектин күн жүрүш жагында болуп; азыркы Кара Булак кыштагы. VII кылымда Суябга ар кайсы мамлекеттен байлар келип турган. Бул шаардын күн батышында ондогон шаарлары болуп, алардын кандары бири-бирине баш ийбеген, улуктары өзүнчө болгон. Бирок баарысынын үстүнөн түрк карап турган.

Суябдын төгөрөгүндө Күн батыш түрктүн хан тура турган борбору (ордо) болгон. Бул жерде булардын каны менен Суан Цан жолуккан. Кахандын (падыша) кийгени жалаң жашыл чапан болуп, чачын койгон башы жердиктүү кишиге окшоп, узундугу он нут келерлик жибек менен ороп алган. Каханы кийиз үйдө туруп, ичинде алтын нерселери көп болгон. Үйдүн ичинде, кийиздин үстүндө каханга акылдаш улуктар эки катар олтуруп, баарысынын кийгени жибектен болгон. Алардын артында каханды сактоочу желдеттер турган. Кийиз үйдө туруучу жабай падыша болсо да, сүрдүү болгондуктан, изат кылбаска ылажы болбогон. Жолоочу Суан Цан үйгө 30 кадам калганда алдынан тосо кахан басып чыгып, учурашып, тилмеч аркалуу канчалык собол берип, Суан Цан олтуруу үчүн темир олтургуч алып келүугө буйрук кылган. Жыгачта от бар деп, отту ыйык туткандыктан түрктөрдө жыгач олтургуч болбогон. Кахан турган боз үйдө Кытайдан (Тау Чан), Уйгурдан (азыркы Үрүмчү, Турпан, Кумул турган жер) элчилер болгон, зуйкелер ойнолуп, тамак жеш башталган. Жабайы болсо да обозу жакшы угулуп, көңүлдү толкуткан. Меймандар эт жеп, арак ичкен. Суан Цанга өсүмдүк тамагы менен сүт берилген. Хандын каалоо боюнча тамактан соң жолоочу буддулуктун окуу боюнча насыят сүйлөгөн. Сөзүн бүтүргөн соң кахан колун көтөрүп жерге .жүгүнүп, чыны менен насыятын тутамын деп маалим кылган. Бир нече күндөн соң Суан Цан кетишке камынганда жаш жигит аткошчу берген. Чан Аң (Си Сань Фзу) шаарында он нече жыл тургандыктан кытайча тилди жакшы билген. Шаболо Хилижи (634638) жылдарда кахан болуп турганда Күн батыш түрк он урукка бөлүнгөн. Беш уругу Чүйдүн суусунун күн батышында, беш уругу күн чыгышында турган. Күн батышындагы Нуушу бий, күн чыгышындагы Дуулу аталган. Мындан соң күн батыш түрктөр Иле суусун чек кылып, эки хандыкка бөлүнгөн. Кытайдын катышуу боюнча канзадалары өз араларынан алалык менен чатакташып турган. Кээ бир кахандар эки элди бириктирип, убактынча бир мамлекет курган чагы да болгон. Маселен, 651-жылындагы каганы Ашына Хили күн чыгыш түрктү каратпастан, 25-жыл мурун кытайлар күн батыш түрктү каратып, алардын хандары кытайча титулун алып, кытай кахандарынын орун

басары болуп эсептелген. Кээ чакта хандары ал кезде күн чыгыштын — Түркестандын (азыркы Синцизиан) жартысын бийлеген Тибет менен бирлешип, Кытайга каршы көтөрүлүш жасап туртан. Ашына Куайдао деген киши 704-жылында эки белүнүп кеткен түрктөрдү бириктирип, бир кахандык тургузган. Бирок өзүнөн соң такка олтурар баласы Ашинасы өлтүрүлгөн соң, күн батыш түрктүн кахандык насили 740-жыл чамасында кесилген.

Мындан мурун Иле менен Чүй арасында көчүп жүрүүчү дуяу уругу — түргөштөр көчүп кетти эле. Булардын чоң ханы Чүй өзөнүндө, кичи ханы Иле боюнда турган. Булардын эң күчтүү ханы 738-жылында өлгөн Сулуу хан болгон. Аныгында анын даражасы кахандык такка олтурушка жакындап, күн батыш түрктөр Куайдао Ашына сыяктуу болгон. Ашына Куайдао Сулуу ханга кызын берген. Сулуу хан мындан башка дагы күн чыгыш түрк кахандыгы жана Тибет өкмөтү менен сөөк болгон. Бирок 738-жылында Мухе Даган деген Түргөчтүн ханы тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан кийин Сулуу хандын баласы кахан болгон. Могдаган Фергана, Ташкенттин хандары менен союз болуп, Сулуу хандын баласынын аскерин Суябдын жанында жеңип, өзүн колго түшүргөн.

740-жылында Могдаган Түркөчкө хан болуп, күн батыш түрктүн кийинки ханын өлтүрүшкө буйрук кылган. Бирок анын өз өкмөтү да узабастан каргаша болуп кеткен. Син Цзян (Күн чыгыш Туркестандагы) кытайдын наместниги Ван Чшан Сиян 748-жылында келип, Суяб шаарын талкалаган. Кийинки он жылдын ичинде түргөчтөр бүткүл күчүнөн ажырады. Күн батыш Кыргызия Талас шаарына бой сунуп, ал Ташкентке карап калды. Кытай тарыхчысына караганда бул жерде дайым уруш-талаш болуп тургандыктан эгинчилер согуш жабдыгы менен куралданып жүрүп, бир-бирин талап, кишилерин колго түшүрүп бендедикке алып турган. Күн батыш түрк мамлекетинин жыгылуу. Мавренахирде (Амур, Сыр дарыясынын арасы) арабдардын максатына жетмегине зор жардам берди. Бул арабдардын бизче 373, мусулманча (ижират) 119-жылында жазган тарыхтарынан көрүнүп турат. Арабдардын сөзүнө караганда түрк төрдүн соңку каханы Новакет (чүй өзөнү, Токмо шаарынын күн чыгыш жагы) шаарында турган, бу жерде корук талаа, тоосу болгон. Ал жерге эчки бара албаган. Бул коруктагы мал менен аң согуш убагында аскерге азык болгон.

Тогарстанда (Аму дарыянын күй жүрүшү, Балык шаарынын күн чыгышы) болгон согушта түрктө арабдардан катуу жеңилген. Элине келгенде түркка ханын түрк ханы Курсун өлтүргөн соң, түрктөр а кайсы жакка бытырап кеткен. Курсундун жашы улгайып калгандыктан, 739-жылында Сыр дарыянын жакасында арабдардын колуна түшүп, сатыкка миң жылкы, миң төө берсе да, арабдардын наместниги Насир өлтүрүүгө буюрган. Түрктөр алып кетпесин үчүн сөөгүн өрттөп жиберген. Араб тарыхынын сөзүнө караганда Курсунду өрттөп жибергендиги — түрктөргө өлтүргөндөн дагы чоң кордук болгон.

Кытайдын VII кылымдагы кабарына караганда кыргыздар согушта өтө чыдамдуу, эң артыкча туруктуу болгон.

Кыргыздын адети эч убакта жабдыгынан ажырабаган көөрчөлөгөн, кайыштан куру (кисе) болуп, аган жабдыгынан башка дагы бычагы менен бүлөсүн тагына жүргөн. Кышында териден тебетей кийип, жайында башына төбөсү учтуу ак калпак кийген. (Кыргызда ак калпак кийүү ошол чакта эле раснм болтн).

Энисейге маданиятты Сары дарыя (Кытайда) орто агымынан биздин эрадан беш кылым мурун сүрүлгөн динлиндер алып келген. Динлинди Сары дарыядан ооп барбай, эң. эски заманда Орто Азиядан түн жакты көздөп сүрүлүп, Алтай менен Урал тоолорунун эки ортосун жердеп калган ари насилинен деп кээ бир тарыхчылар сүйлөйт. Кээ бир тарыхта уйгурду динлин наслинен болгон дейт.

Кыргыздын тили уйгур тилине окшоштугу жогоруда жазылып өткөн. Бул Монголия жеринде Седишин даба тооңун күн жүрүш жагынан табылган таштагы он бир жолдуу жазуудан анык көрүнүп турат. Көбүнчө уйгур сөзүнө өтө жакындыгы жазуучунун 7-жолунда көрсөтүлгөн. "Кызымын. калыңсыз бертим жалыма жүз эр торух" деген сөзү далил болуп турат.

Ой-пикирлер